Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды

183

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-9-апрель күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Кыргызстандын курама командасына төмөнкү спортчуларчы кирди:

  1. Кубанычбек Айбек уулу, 60 кг;
  2. Отар Бестаев, 60 кг;
  3. Артур Те, 66 кг;
  4. Байбол Саламат уулу, 66 кг;
  5. Бексултан Султанов, 73 кг;
  6. Владимир Золоев, 81 кг;
  7. Эрлан Шеров, 90 кг;
  8. Юрий Краковецкий, 100 кг жогору;
  9. Бекболот Токтогонов, 100 кг жогору.
    Кыз-келиндер курамасы:
  10. Айсулуу Мусакунова, 48 кг;
  11. Жанар Жолдошева, 48 кг;
  12. Сауле Алмазова, 52 кг;
  13. Адина Кочконбаева, 57 кг;
  14. Ксения Бельдягина, 57 кг;
  15. Ажар Исаева, 63 кг;
  16. Айжан Кадырбекова, 63 кг;
  17. Нагира Сарбашова, 78 кг жогору.

Белгилей кетсек, чемпионатта жалпы 14 комплект медаль ойнотулат (7 кыз-келиндер, 7 эркектер арасында).

Мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт жана бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат.

0