Бишкекте 2нен 8-апрелге чейин 5 миң 638 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 67;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
— айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 99;
— «Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар — 110;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 5 351.
Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, эреже бузган 417 автоунаа айып короосуна токтотулган.
Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.