Бишкекте бир суткада коронавирустун 138 жаңы учуру катталды

409

 Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 138 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 95 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 43 учур.

“Шаардыктар арасында 123 учур катталган. Ленин району – 41, Биринчи май району – 25, Свердлов району – 30, Октябрь району – 27 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 15 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 124 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан”, – деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 58 адам жаткырылып, 80 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Рыскулбекова жарандарды жана борбор калаага келген конокторду санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

0