Бишкек шаарында батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды, — деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 11-майда куткаруучулар шаардагы Колбаев көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен. «Батирдин ичинен 1982-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.