Бишкекте 8 айлык баладан COVID-19 аныкталды

546

Бишкекте 8 айлык баладан COVID-19 аныкталды, ага эжесинен жуккан. Бул тууралуу брифингде Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, бала мурда COVID-19 илдети аныкталган эжеси менен байланышта болгон.

“Балага лабораториялык тастыкталган COVID-19 диогнозу коюлганын белгилеп кетким келет. Азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, амбулатордук дарыланууда жатат”,-деди ал.

Белгиленгендей, 2021-жылдын башынан бери Бишкек шаарында жалпы COVID-19дун 3миң 258 учуру катталган, анын ичинен 1 миң 989 учур лабораториялык, 1 миң 269 учур клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

0