Бишкекте 6-кабаттан кулап кеткен баланын абалы оор – дарыгер

237

Кечээ 6-кабаттан кулап кеткен баланын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу-оор деп бааланууда. “Балада сынык жок, бирок баш мээси катуу жабыркаган. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат”,-дейт Шайбеков.

Эскерте кетсек, 25-мартта милицияга №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасынан аларга 6-кабаттан кулап түшкөн бала жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала 1 жаш 3 ай куракта.

0