Бишкекте 34 мектептен коронавирус аныкталды

122

 Бишкекте окуу процесси башталгандан бери 34 мектептен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдк бөлүмүнүн башкы адиси Чынара исакова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 12 мектеп дагы деле карантинге жабык турат, андан тышкары 22 мектепдин 32 классы онлайн-окууга өтүштү.

“Статистикалык маалыматтар боюнча, мугалимдер арасына COVID-19дун 25 учуру катталган, анын ичинен 5 учур пневмония. Ал эми окуучулардын арасында 93 учур катталган, анын 9у пневмония2,-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын балансында 97 мектеп бар.

0