Бишкекте 19 миң сомдук велосипед уурдаган киши кармады

18

Бишкекте 19 миң сомдук велосипед уурдаган киши кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 12-мартта болжол менен саат 19:27лер чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинен велосипед уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келишкен. Маалым болгондой, 1982-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран 19 миң сомдук велосипедди уурдап кеткен, бирок ээси аны колго түшүргөн.

Кылмышка шектүү жаран Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Азыркы учурда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

0