Адамзат майдаланып бараткандай. Абийир, ариет, адамдык баалуулуктар дегенден куру жалак калып, баардыгын акча, байлык менен ченегендердин доору жүрүп туру. Акчадан башканы көзү көрбөй калган чиновниктер карапайым элге түздөн түз касырет алып эле келбестен, өлкөгө да эбегейсиз зыян алып келишүүдө.
Дегенибиз, «Бишкекбашкыархитектура» тармагынын тамтыракайын чыгарган Анарбеков Канат Күчүкбаевич деген мыкчыгердин былыктарын, кылыктарын көптөн берип жазып келе жатабыз. Аныгында анын ашмалтай саясатын, алдым-жуттумдук ишмердүүлүгүн биз асмандан алып жазган жокпуз. Көзгө сайган факт, далилдер менен тиешелүү органдардын алдына жайып берип келебиз. Айтылган сɵздɵр таасир эттиби же башка себеби барбы кечээ Анарбековдун кызматтан кеткенин эшиттик. Кылгылыкты кылып туруп Канаттын эч кандай жазасыз кызматтан кеткени бизди таң калдырып туру.
Күчүкбаевичтин мызамсыз иштерин санай келсек манжа жетпеси анык. Баарын жаза турган болсок гезит бети чак келбеси ырас. Ошентсе дагы “Анарбеков деген неме шаарды талкалап бүтмөй болду, алкымы ажыдаардай болгон бул эргулда принцип деген барбы?”, — деп чыркыраган элдин үнү жогору жакка жетип ал кызматтан кетти. Бирок, жазасыз кеткени туура эмес деп эсептейбиз. “Журналистика бул коомдун санитары” — деген аныктамага ыктай бүгүн дагы элдин кыжырын кайнаткан курулуш боюнча, так ошол Күчүкбаевичтин кызмат учурунда жең ичинен макулдук берилген курулуш тууралуу кеп кылалы деп турабыз.
Эсеби маселен, Бишкек шаарындагы «Ататүрк» паркы 1996-жылы түрк элинин жол башчысы Мустафа Кемаль Ататүрктүн атын алгандагы көрсөтүлгөн документте жалпы 110 гектар аятты түзөөрү жазылган. Бирок, азыркы абалы документтеги көрсөтүлгөн аянтка түк коошпойт. Чет-четинен сатылган, тонолуп, кертилген абалы караган адамга дүрбүсүз эле көрүнүп турат.
Ооба, 1996-жылдан берки бийликтер учурунда да аталган парктын аянты кыскарган. Бирок, «Бишкекбашкыархитектура» тармагынын буга чейинки
анабашчысы Анарбековдун учурундагыдай “убайымга” түшкөн эмес. Айталы, Малдыбаев көчөсү менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жаткан курулушка каршы жалгыз Калича Өмүралиева айым какпаган эшик калган жок. Мыйзам баарына тең деп айтып келебиз. Тилекке каршы, бийликтин музыкасына бийлеген, акча десе атасын да сатып жибергенден кайра тартпаган эргулдар парктын жээгине көп кабаттуу үй курууга уруксат берүүдө мыйзамды уруп ойнобой келишет. Ошол эле маалда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу ал жердеги жашоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Ал эми парктын аянтын кысып курулуп жаткан курулуштарга уруксат берип келген «Бишкекбашкыархитектура» тармагы Анарбеков менен анын орун басары Марат Жороевдин “канчеңгелинен” бошоно албай турду. Бул жетекчи менен орун басарды Жогорку Кеңештин депутаты Шабазов Бахридин Валиевич коюн колтугуна коргоп, анын акысы үчүн жеке кызыкчылыгы бар экендиги айтылууда. Анарбеков менен Жороев өзүмбилемдик менен парктын аянтына уруксат берген курулуш ушу тапта аяктаганы жана бир дагы текшерүүдөн өтпөгөндүгү айдан ачык көрүнүп турат. Муну тиешелүү документтер да ырастап бергенине карабай экөөнүн “кылы” кыйшайбай атканында кеп бар. Бул боюнча Канат Анарбеков менен Март Жороев жоопкерчиликке тартылышы керек!
Булак:Де-Факто