Бишкек шаарынын прокуратура органдарынын жумушу эң биринчи кезекте прокурордук көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө, баардык чөйрөдөгү анын ичинде укуктук актыларды кабыл алуудагы мыйзам бузууларды алдын алууга, прокурордук чаралардын эскертүүчү таасирин күчөтүүгө, кечиктирбестен киришүүнү талап кылган системалуу мүнөзгө ээ болгон мыйзам бузуучулуктарды аныктоого багытталат.
Анын ичинде келечек муун, жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын жана таламдарын коргоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты приоритеттүү негизге ээ, бул тармакта прокуратура органдары тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталып, натыйжасында тийиштүү прокурордук акттар киргизилүүдө.
Алсак, жашы жете электердин укуктарын коргоо максатында, балдар тарабынан жасалган жана аларга карата жасалган кылмыштарга, өз өмүрүн кыюу же кыюуга аракет жасоо фактыларына, балдарга жана аялдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулук аракеттерине өзгөчө көңүл бурулуп, жеринде алдын алуу жана болтурбоо боюнча Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан ата-энелердин пикир келишпестиги үй-бүлөдө катаал мамиле жараткандыгын, ата-энелер тарабынан өз балдарына карата жасаган психикалык, физикалык зомбулук, орой же адамдык беделди кемсинткен мамилеси балдардын өсүп өнүгүшүнө зыян келтирип, терс көрүнүштөргө баруусуна шарт түзөөрү тууралуу жер жерлерде профилактикалык субъекттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жаш өспүрүмдөр арасында, алардын ата-энелери менен биргелешкен алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.
Алсак, 2023-жылдын окуу мезгили аягында, Бишкек шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кеңейтилген Координациялык кеңешме өткөрүлгөн.
Кеңешме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.Раимбачаеванын, Бишкек шаардык кеӊешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы С.Кенжебаеванын, Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.Мозгачеванын, ИИБнын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын структуралык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана орто мектеп окуу жайынын директорлорунун катышуусунда өткөрүлүп, анда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелери каралган.
Жолугушууда бардык катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн, координациясын күчөтүү, биринчи кезекте жашы жете электердин укуктарын коргоо жана мамлекеттик органдардын өз убагында чара көрүү боюнча бир катар маселелер талкууланган.
Ошондой эле, жаштардын арасында, тилекке каршы ар түрдүү субкультуралардын терс кыймылынын активдештирилишине байланыштуу, адекваттуу позицияны иштеп чыгуу жана ага объективдүү баа берүү менен өз убагында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы белгиленген. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча системалык түрдө иштерди түзүү жана уюштуруу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик органдарды кылмыштардын кесепеттери менен күрөшүүдө кылмыштуулукту алдын алууга багыттоо, укук бузуулардын себептерин жана ага көмөктөшүүчү шарттарды изилдөө жана аныктоо, аларды жоюу боюнча аракеттердин күчөтүүсү көрсөтүлүп, жыйынтыгында тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилип, прокуратура органдары тарабынан аталган багытта көзөмөл кынтыксыз жүргүзүлөөрү белгиленди.
Ошондой эле, жер жерлерде райондордун прокурорлорунун катышуусу менен кеңейтилген Координациялык кеңешмелер өткөрүлүп, мамлекеттик органдар тарабынан профилактика багытында аткарылып жаткан иштердин отчёттору угулуп, аталган багытта тийиштүү иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлган.
Билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасындагы кылмыштуулук, суицид, баңгилик, аракечтик, чылым чегүү жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан орто окуу жайларында прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан 40тан ашуун жолугушуу-лекциялар уюштурулду.
Атап айтсак, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан №91 гимназия – мектебинин окуучулары үчүн “Жашы жетелек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери” темасында жолугушуу өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөргө келечек кесиптин ээси болууда, мисалга алсак, ошол эле мамлекеттик кызматта, укук коргоо кызматтарынын багыттарын тандоодо, жаш кезекте билбестик менен жасалган ар кандай терс көрүнүштөр өз кесепетин тийгизээрин белгилеп, окуучуларды окууга дыкат көңүл коюп, ата-энелерине, эже-агайларына болгон мамилелерин жакшыртууга чакырылды.
Аталган иш-чара Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” урааны алдында театрлаштырылган көрсөтмө коюу менен коштолуп, анын негизги максаты, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуусуна багытталган.
Ушундай эле маанидеги видео-роликтер, сахналаштырган постановкалар, 9-10-11 класстын окуучуларына жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамы менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2023-жылдын окуу мезгил ичинде, Бишкек шаарынын аймагындагы 50 пайыздан ашуун мектептин окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, жашы жете электердин укуктарын коргоо максатында, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин талабынын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ата-энесинин кароосунан калган балдардын укугун коргоо максатында, аларды балдар борборуна жайгаштыруу боюнча доо арыздар келтирилип, соттун чечими менен тийиштүү борборлорго жайгаштырылышкан. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу иш-чаралары бүгүнкү күндө улантылууда.
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жашы жете электердин кылмыштуулугун, укук бузууларын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар
0