Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 13 партия катышуу ниетин билдирди – тизме

227

7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. Бул туралуу агенттикке Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, төмөнкү партиялар каттоодон өтүүгө укуктуу:

1. «Өнүгүү-Прогресс» – партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев

2. «Социал-демократтар» – партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков

3. «Замандаш» – партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов

4. «Келечек-Будущее» – партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев

5. «Ата-Журт Кыргызстан» – партиянын жетекчиси А.Маткеримов

6. «Биздин Кыргызстан» – партиянын жетекчиси А.Осмонов

7. «Ынтымак» – партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев

8. «Жаны мезгил» – партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.

9. «Биздин Эл» – партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов

10. «Туран» – партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан

11. «Эмгек» – партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов

12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы – партиянын жетекчиси Артур Медетбеков

13. Жашыл Кыргызстан партиясы – партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

0