COVID -19 Бишкек шаарын каптады. Тоңмойун мэр Бакыт Кудайбергенов вирус жуктургандардын саны 400дөн ашканда барып араң козголуп, коомдук танспортту дизинфекциялай баштады. Бирок санитардык эпидемологиялык начар абалды оңдоону ойлогон да жок. Көңүл ачуучу жайларга, ресторан, кафелерге чектөө киргизимиш болуп, анысын кайра алып таштады. Бул мэрдин эмне билгени бар экенин билбейбиз.
Азык түлүктүн баалары кымбаттады, эл кыйналып жатат. Мындай учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, пенсионерлерге гуманитардык жардам, соопчулук иштери уюштурулчу эле. Мэр Бакыт Кудайбергенов кылар иши, салар кушу жок немедей болуп олтура бербей, шаардын элине кам көрүп кыймылдабайбы? Иш колунан келбесе, же ишке көңүлү жок болсо, креслого тырмышпай өткөрүп бербейби?
Булак: Азияньюс