Бир суткада Казакстанда коронавирус 2016 кишиден аныкталды

174

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 16 кишиден табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 337, Алматы шаарында – 598, Шымкент шаарында – 20, Акмоло облусунда – 90, Актөбе облусунда – 85, Алматы облусунда – 363, Атырау облусунда – 34, Чыгыш-Казакстан облусунда – 20, Жамбыл облусунда – 51, Батыш-Казакстан облусунда – 113, Караганда облусунда – 203, Костанай облусунда – 30, Кызылорда облусунда – 51, Мангистау облусунда – 9, Павлодар облусунда – 57, Түндүк-Казакстан облусунда – 31, Түркестан облусунда – 24 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 273 миң 825 адам коронавирус жуктурган.

0