Бир мандаттуу бир тур менен өтө турган шайлоо системасына биринчи кезекте Ташиев каршы чыгыш керек

3316

Жогорку Кеңеш карап жаткан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдө бир мандаттуу бир тур менен бүтө турган шайлоо системасын сунуш кылып жатышат. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул темада маек берип, “мындай система конфликттердин потенциалын күчөтөт” деп айтты. Текебаев саясатчы болгон үчүн улут аралык мамилелер боюнча сөз айткысы келбеди окшойт. Бирок, ошол коркунучтардын бири так ошол улут аралык мамилелердин курчуп кетиши болот. “Кеп чынынан бузулбайт” дегендей, ал жөнүндө бир-эки ооз сөз айтып коюну туура көрдүм.

Өзгөчө Түштүк регионунда райондордун калкынын 20дан 45%ына чейин өзбек улутундагы шайлоочулар түзөт. Эгерде, бир мандаттуу шайлоо округанан бир тур менен шайлоо боло турган болсо, саясатчылардын жүрүм-турумунун логикасы, мотивациясы өзгөрөт. “1-турда ким утса, ошол утуп кетет экен” деп, мурун утушка мүмкүн болбогон группанын өкүлдөрү да кое баштайт. Мисалы, бир райондо өзбек диаспорасынын өкүлдөрү 30% шайлоочулардын санын түзсө, кыргыздар 70%ды түзөт. Мурун эки турдан баари бир кыргыздар өтүп келгендиктен, өзбек диаспоранын лидерлери шайлоого катышпайт эле. Логика жөнөкөй. Баари бир 2-турда кыргыздардын бири өтөт деген. Азыр эми логика өзгөрөт да, “1-турдан уруп кетсем өтүп кетем” деген шанс пайда болот. Шайлоого бардык диаспоранын өкүлдөрү катышат.

Биз алардын катышканына каршы эмеспиз. Баары бирдей укукта. Алардын укугун таанышыбыз жана камсыз кылышыбыз керек.

Бирок, шайлоонун эртеси да болот да. Бир мандаттуу шайлоо округунда да 10-20дан кем эмес кандитаттар коюшат. Консолидацияланган диаспоранын өкүлдөрү да 15-25% добуш алып кетсе, калган добуштар  майдаланып бөлүнүп кетип 70% топтун өкүлү утулуп калып, анан шайлоонун эртеси өзүбүздүн эле кыргыздар “биз 70% добуш алсак, башкалар утуп кетеби” деп жаңжал чыгарат. Бул улут аралык араздашуунун күчөшүнө, мамилелердин курчушуна, жагымсыз тенденциялардын пайда болушуна, алып келет. Мындай жагдайды сырткы жана ички учунчу кучтор пайдаланбай коюшпайт.

Ошондуктан, бир мандаттуу бир тур менен өтө турган шайлоо системасына акыл-эстүү адамдар макул болбош керек. Биринчи кезекте УКМК башчысы Ташиев мындай системага каршы чыгыш керек.

Динар Турдугулова, журналист.

0