«Бир этегин жаса басып, бир этегин үзө баскан» Бообек Ажыкеев чабал министрби?

310

Майлуу-сүттүү орунга жеткенче алдастап, башчыларына жагынуу үчүн далай трюктарга даяр кызмат ɵкүлдɵрү бар. Бирок ошол ɵздɵрү аракет кылып жеткен «креслого» отурган соң эмне максат менен келгенин унутуп, манчыркап кандай жумуш аткарууга милдеттүү экендигин эсинен чыгаргандар бар экенине таң болосуң. Дейин дегеним, акыркы ɵкмɵттүн бекиши менен КРнын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министри болуп келген Бообек Ажыкеев министр катары ишти жɵндɵй албады. Жетекчи катары чечкиндүү эмес, кирди чыкты иштеп жүрɵт. ƟКМге болсо нааразылык күч. Айрыкча социалдык желелерде, интернет айдыңында ƟКМнын ɵлɵсɵлүү иш алып баруусун сынга алышып: “Баткен жергесиндеги жабыр тарткан элге деп эл чогулткан гуманитардык жардамды ƟКМ элге жеткире албай атат. Элге жеткиргендин ордуна кампада катып жатат”, – деген сɵздɵр чыгып атат. Ага Бообек мырза башында турган министрлик азырынча ынанымдуу жооп бере алышкан жок. Ɵзгɵчɵ кырдаал министрлиги ɵтɵ чоң, абдан түйшүктүү тармак. Негизги иш 8 саат болсо дагы, 24 саат бою элдин коопсуздугуна жоопкер болгон бул министрликке Бообек Ажикеев келгени иш артка кетти. Министрибиз ɵзү кɵз айнегин кайра-кайра түрткүлɵп, “бир этегин жаза басып, бир этегин үзɵ басып” араң иштеп жүрɵт, куурагыр. Түйшүктүү министрликтин башында турган адам башкача иш алып барышы керек эле да. Бир кезде ƟКМ министри болгон Камчыбек Ташиев, Кубатбек Бороновдор мыкты иш алып барган. Ошолордон үлгү алыңыз Бообек Эргешевич!

Булак:Де-Факто

0