Билим берүү мекемелерине карата шылуунчулук жасоо учурлары көбөйүүдө — Бажы кызматы

437

Акыркы мезгилде жалпы билим берүү жана орто атайын окуу жайларына карата шылуунчулук жасоо учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар билим берүү мекемелеринин башчыларына телефон чалып, өздөрүн Мамлекеттик бажы кызматынын же Билим берүү министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, Мамлекеттик бажы кызматында эсептен чыгарылуучу компьютердик жабдуулар, ошондой эле билим берүү мекемелерине техникалык колдоо катары өткөрүлүп бериле турган жаңы компьютерлер бар деп билдиришет.

Мындан тышкары, компьютердик техниканын көлөмү чектелүү болгондуктан, алардан белгилүү бир сумманы шашылыш түрдө атайын эсепке которуп, андан соң Мамлекеттик бажы кызматына келип, компьютердик жабдыктарды алып кетүүнү суранышат.

Мамлекеттик бажы кызматы бардык жеке жана юридикалык жактарга мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырат жана алдамчылык фактысы аныкталса, укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт.

Ошондой эле, Мамлекеттик бажы кызматы ар кандай мамлекеттик мүлк бир мамлекеттик органдан экинчи органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айрым процедураларды сактоо менен гана өткөрүлүп бериле тургандыгын билдирет.

0