Беловодское айылында таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды

42

Беловодское айылында өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табышкан (бычактан жаракат алган). Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облусунун ИИББинин Криминалдык милиция кызматынын жана Москва районунун ИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган аял менен өлтүрүлгөн эркек кишинин ортосунда мас абалда чыр-чатак келип чыккан.

Учурда шектүү Москва районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

0