Бекболот Талгарбеков: «Акылбек Жапаров кыргыз айыл реформасына эки жолу сокку урду»

1112

Экс-министр Бекболот Талгарбеков өткөн жумада өзбек журналисттерине маек бергени маалым болду. Анын чоо-жайын өзүнөн сурадык.

— Бекболот агай, сиз эмне себептен жана кандайча маек берип калдыңыз?

— Өзбекстан жаңы Башмыйзамды кабыл алуу алдында турат. Анда «жерге жеке менчик киргизүү керекпи?» деген талылуу маселе бар экен. Бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы бар экендигине байланыштуу өзбек журналисттери биздин биринчи президентибиз Аскар Акаевге кайрылышыптыр.

Ал мени сунуш кылган экен. Ошол себептен маекке макулдук бердим.

— Маек канча убакытка созулду?

— Бир саат. Канчасын пайдаланышат, ал мага белгисиз. Биздеги айыл реформа боюнча көп суроо берилди.

— Анда суроо-жооптор менен таанышсак. Алгач эмнеге кызыгышты?

— Жетимиш жыл бою кан-жанына, акыл-эсине «колхоз-совхоз» деген система терең сиңген элде «кантип реформа жүргүзө алдыңар?» деп таңгалып сурашты.

Анткени Өзбекстанда дагы эле эски система сакталып, айыл чарба тармагы мамлекеттин миллиарддаган дотациясы менен жашап, сакталып келатпайбы. Жагдайды кеңири айтып бердим.

Алсак, СССРдин курамына кирген он беш союздук республиканын өткөн отуз эки жыл ичинде алтоосунда гана айыл жеринде системалуу өзгөрүү жасалып, рынок экономикасы орнотулду.

Биринчи болуп, 1991-жылы эле Прибалтиканын үч республикасы реформа жасашты. Анткени эли да, бийлиги да толук даяр болчу. Колхоз-совхоздор дароо жоюлуп, алардын жерлери мурдагы (1940- жылга чейинки) кожоюндарына, менчик ээлерине өткөрүлүп берилди. Колхоз-совхоздордун башкаруу системасынын ордуна рыноктук башкаруу орнотулду. Айыл чарба тармагы натыйжалуу жолго түштү.

Айыл реформасы жүргүзүлгөн төртүнчү өлкө – Армения. Бул өлкө 1990-жылы эң оор акыбалга тушуккан. Аны энергетикалык жана азык-түлүк кризиси муунтуп турган. Кийинки жылы январда президент Л.Тер-Петросян өзүнүн жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп, жер жана мүлктү айыл калкына таратып, «өкмөттө бир тыйын жок, өзүңөрдү өзүңөр баккыла» деген.

Армян айыл калкы эркин чарбачылыкты тез эле өздөштүрүп кетишти. Айыл реформасы турмушка ашкан бешинчи өлкө – Кыргызстан. Бизде 1990-жылы эле айыл чарба оор кризиске кептелген. Коммунисттер башкарып турган ал жылы колхозсовхоздордогу 8,3 миллион ак койдун эки миллиону айлык акы жана бартер аркылуу (үрөн, ГСМ ж.б. сатып алуу үчүн) жок болгон.

Эгерде Москва дотация берип турганда колхоз-совхоздордогу өндүрүшкө жумшалган каражаттардын структурасында ГСМдин (күйүүчүмайлоочу майлар) наркы төрт пайызды ээлеп келсе, дотация токтоор менен ал көрсөткүч кырк пайызды (!) түзгөн. Бирок бийлик да, элдин 99 пайызы да айыл реформасынын аба-суудай зарылдыгын түшүнгөн эмес. Баары тең колхоз-совхоздорду сактоону, аларга ири дотация берүүнү талап кылып турушкан.

1992- жылдын башында айыл чарба министрлигинин алдында «Агрардык кеңеш» деген уюм түзүлүп, ага адистерден тышкары «легендарлуу парламенттин» он чакты депутаттары, колхоз-совхоз жетекчилери киришкен. Уюмдун мүчөлөрү кеңири эсеп жүргүзүп, ал 1992-жылга карата колхоз-совхоздор үчүн 16 миллиард рубль дотация талап кылышкан.

Ошол мезгилде бюджет боюнча депутаттарда да түшүнүк болбоптур. Көрсө, ал жылы эгемен Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 2,4 миллиард рубль экен. Ошондо «Агрардык кеңеш» андан жети эсе көп акча сураптыр! Бюджетте кызматкерлерге айлык, жөлөк пул, карыларга пенсия бергенден тышкары ашыкча бир рубль жок экени менен эч ким эсептешпептир. Ошентип, 1990-93-жылдары айыл чарба тармагы чыгашадан башы чыкпаган.

Абалды 1994-жылы 22-февралда чыккан президент Аскар Акаевдин «Жер жана агрардык реформа жөнүндөгү» жарлыгы жөнгө салган. Ага ылайык, айыл эли жерге, мал-мүлккө ээ болуп, эркин чарбачылыкка өткөн.

Айыл реформасынын биринчи этабы (1994-98-жылдары) өз жемишин берип, айылда мамлекеттен бир сом дотация албаган, сурабаган эркин дыйкандардын кеңири катмары пайда болду. Айыл реформасын жүзөгө ашырган алтынчы өлкө – Грузия. Аларда Михаил Саакашвили президент болуп шайланганда (2003- ж.) анын экономика министри Каха Бендукидзе айыл жерине да реформа жасап, рынок экономикасын орноткон.

— Эгемен Өзбекстандын айыл жеринде кандай процесстер жүрдү?

— Ал боюнча да менин пикиримди сурашты. Ачык айтып бердим. Дегеле дүйнөлүк айыл тагдыр, тарыхына көз чаптырсак, анда эки жолду көрүүгө болот. Биринчиси: зордуктоо, кыстоо, мажбурлоо жолу менен дыйкандарды иштетүү.

Бул жолдо алгачкысы кулчулук болгон (зордуктоо). Андан соң, мисалы, Россиядагы помещиктердин дыйкандарды кыстап иштетүүсү. Кийин советтик колхоз-совхоз, социалисттик лагердеги госхоздордогу айыл калкын мажбурлап иштетүү.

Экинчи жол: менчикке ээ айыл калкынын эркин чарбачылыгы. Бул жолдо АКШ, Батыш Европа, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн дыйкандары 100-150 жылдан бери жашап-иштеп келишет. Соңку жарым кылымда бул жолго Кытай, Вьетнам, Чыгыш Европа жана постсоветтик алты өлкө түшүштү.

Ал эми Өзбекстан биринчи жолдон алиге чейин чыга элек. Бул өлкө алтын кендерин иштетүүдөн жана газ байлыгын сатуудан түшкөн мол кирешесинин эсебинен айыл чарбасын тынымсыз дотациялап келет.

Ошондой эле карапайым өзбек дыйкандарын мажбурлап иштетип, мисалы, пахта өндүрүүдөн мамлекет жылыга беш миллиард доллар киреше табат. Эгемен Өзбекстандын айыл калкы өткөн отуз эки жыл аралыгында жакырчылыкта, ачарчылык чегинде жашап келүүдө.

Мен өзүм 1997-98-жылдары Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштегем. Алыскы райондорго чыкканда өзбек айылдарын аралап өтчүмүн. Бир да жаңы салынган там көрүүгө болбойт эле. Ошол эле учурда биздин Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жаңы тамдардан көчөлөр пайда боло баштаган.

Өзбектин айылдарындагы адамдар кыргыздардын талааларында болор-болбос акыга иштеп (пахта терип ж.б.) жан багышчу. Ошондой эле түн ичинде колхоз-совхоздордун үрөн, тетик жер семирткичтерин өздөрү ташып келишип, кыргыздын эркин дыйкандарына текейден арзан баага сатышчу.

Менин болжол эсебимде, Ислам Каримов чек араны жапканга чейин кыргыз дыйкандары өзбек колхоз-совхоздорунан он миллиард долларлык айыл чарба каражаттарын бекер алышкан.

— Өткөн мезгилде Өзбекстанда айыл реформасын жүргүзүү аракети болгон эмеспи?

— Дал ошол мен губернатор кезимде өзбек президенти Ислам Каримов айыл реформасы боюнча көп айта баштады. Бирок, алар аны «айылда фермерчиликти өнүктүрүү» деп түшүнүп алышты. Ошентип айылдагы өзгөрүүлөр теңирден-тескери кетти.

Каримовдун чакырыгына жооп кылып, айылдагы тың өзбектер 20-30 гектардан жерди ижарага алып башташты. Бирок өкмөт жерди жөн бербей, ал фермерлердин моюндарына план илип салды. Аны аткарбасаң соттолосуң. Бул ири көйгөйлөрдү жаратты.

Мисалы, 2014-жылы фермер Зафарбай Каримов планды аткара албай калып, асынып өлдү. Каримовдун «фермерлештирүү» саясаты жаңы президент Шавкат Мирзиёевге чоң көйгөй жаратты.

Ал айыл саясатын өзгөрүүсүз калтырайын десе өндүрүш натыйжасыз, мамлекеттин дотациясы зор көлөмдө. Кыргыздарды туурап жерди үлүшкө бөлүп берейин десе көптөгөн фермерлер 20-30 гектардан жерлерди 49 жылга ижарага алып алышкан.

Ал жерлерди кайра мамлекетке алуу татаал маселеге айланды. Мисалы, 2018-жылы Кашкадарыя облусундагы Миришкор районунда аким фермер Шерали Давроновдун ижарага алган 40 гектар жерин бир шылтоо таап кайра алып койгон экен.

Ал фермер да асынып өлдү. Өзбекстанда айыл калкынын жашоосу, жумушу оор. Ошол эле Кашкадарыя облусунун Нишан районунда эки баланын энеси, жыйырма алты жаштагы Гузаль Панджиева 2018-жылы талаада иштеп жатып көз жумду. Ошентип, Мирзиёевдин айыл реформасын жүргүзүү максаты туңгуюкка такалып турат.

— Эгер Өзбекстан жаңы Башмыйзамына «жер жеке менчикке да берилет» деген жобо киргизсе, анда айыл реформасына жол ачылабы?

— Туура суроо. Аны өзбек журналисттери да беришти. Менин пикиримде, бул маселеде Өзбекстанда түшүнбөстүк бар. Анткени, айыл реформасынын максаты айыл тургунун сөзсүз эле жердин жеке менчик ээси кылуу эмес.

Негизгиси аны кожоюн кылуу жана ага чарбачылыкка эркиндик берүү. Ал эми кожоюн болуш үчүн биздегидей жерге жеке менчик киргизсе да болот. Ошондой эле жерди айыл тургунуна 99 жылга ижарага берип, аны сатуу, алмаштыруу, күрөөгө коюу укуктары менен камсыздаса да болот.

Кыргызстандын калкы 7 миллион, Өзбекстандыкы 35 миллион. Калктын жыштыгы аларда биздикине салыштырмалуу кооптуу. Демек, алар жерге 99 жыл ижара институтун киргизсе эле жетиштүү.

Бул конституциялык жобо маселени принципиалдуу чечпейт. Башкы маселе – Өзбекстан чыныгы айыл реформасын жүргүзө алабы? Бул маселеде жеке менин күмөнүм чоң. Менимче, алар эски жолдон дагы ондогон жылдар бою чыга алышпайт.

— Дагы кандай суроо беришти?

— Кыргызстанда жүргүзүлгөн айыл реформасынын жетишкендиктери, «мамлекет эмне утту, айыл калкы эмне утту?» деп такып сурашты жана реформанын жүрүшүндөгү катачылыктар жөнүндө сурашты. Аларды да кеңири айтып бердим.

— Кандай?

— Кыргыз мамлекетинин утушу астрономиялык деңгээлде! Мен жогоруда айтпадымбы, «колхоз-совхоз системасы жашап турганда аларга жылыга республиканын бюджетинин киреше бөлүгүнө салыштырмалуу жети эсеге көп дотация зарыл болгон экен» деп. Эми элестетели.

Кыргызстандын быйылкы жылга бюджетинин киреше бөлүгү 282 миллиард сом. Эгер учурда бизде колхоз-совхоз системасы сакталып турган болсо, демек, анда кыргыз өкмөтү айыл чарбасына андан жети эсе көп, тактап айтканда, 1 триллион 974 миллиард сом дотация таап бериши керек эле! Азыр кыргыздын эркин дыйкандарына бир сом дотация берилбейт эмеспи.

— Муну өкмөттөгүлөр түшүнүшөбү?

— Балээнинби! Кайра «кана колхозум, совхозум?» деп беттен алышат да…

— Дагы?

— Айыл чарба министрлигинин башкармалык жетекчиси, илим кандидаты Качкынбай Кадыркулов өз адистери менен 1992-жылы республикадагы ак койду багуунун киреше-чыгашасын эсептеп чыгышкан. Бир ак койдун ошол кездеги базар баасы орточо бир миң рубль болгон.

Ал эми ошол бир койду бакканга колхоз-совхоздор жылына төрт миң рубль чыгым сарпташкан. Эми салыштыралы, учурда бир койдун орточо базар баасы 15 миң сом. Аны багууга жылына 60 миң сом сарптаган кыргыздын келесоо эркин малчысы барбы азыр?!

Андай көрүнүш колхоз-совхоздордо гана болот да. Картошка өндүрүүнү алалы. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда жылыга 300 миң тонна жыйналчу. Аны да он миңдеген студенттер жумалап жатып теришчү.

Түшүмдүн жыйырма пайызы чирип кетчү. Ал эми кыргыздын азыркы эркин дыйкандары жылыга 1500 тонна картошка өндүрүшөт (беш эсе көп). Бир студент жардамга тартылбайт. Чириген бир тоголок картошка көрбөйсүң. Чыныгы ээси бар да. Сүт өндүрүүнү алалы. Дотацияны күргүштөп алышкан Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда жылыга орточо бир миллион тонна сүт «ураалап» өндүрүлчү.

Учурда кыргыздын эркин дыйкандары өкмөттүн жардамысыз эле бир миллион алты жүз миң тонна өндүрүшөт. Өткөн жылдары айыл чарба тармагынын башкаруу системасында да эбегейсиз өзгөрүү болду.

Алсак, Кыргыз ССРинин айыл чарба тармагында башкаруу, тескөө, текшерүү органдарында 65 миң кызматкер иштешкен. Орустар айткан «один с сошкой, семеро с ложкой» деген система өкүм сүргөн. Учурда айыл чарба тармагынын башкаруу органдарында бир миңдей кызматкер гана иштешет. Кошумча айтсак, соңку чейрек кылымда айыл калкы шаарларга болжолу 15 миллиард долларлык ички инвестиция жасашты.

Алар уул-кыздарын шаарларда контракт төлөп окутуп жатышат, квартира сатып беришүүдө жана жүз миңдеген кафе, ресторан, мейманкана, базар ж.б. мекемелерди азык-түлүк менен камсыз кылып келишүүдө.

— Реформанын кемчиликтери боюнча кандай жооп бердиңиз?

— Кыргызстандагы жер жана агрардык реформанын стратегиялык жактан кемчилиги болгон эмес. АКШнын Сиэтл шаарында «Айыл жерин өнүктүрүү» деген институт бар. Анын кызматкерлери дүйнөнүн отуздай өлкөсүндөгү агрардык реформаларга активдүү катышыптыр.

Директору профессор Простерман Аскар Акаевдин 1994-жылдагы жарлыгын изилдеп чыгып, «эч кынтыксыз, дүйнөлүк деңгээлде даярдалган документ» деген жыйынтыгын айткан. Бирок, реформанын практикалык жүрүшүндө тактикалык эки кемчилик кетти.

Биринчиси, Кыргыз ССРинде колхоз-совхоздордун болжолу он беш пайызы адистештирилген (үрөн өндүрүү жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча) чарбалар болгон. Реформа башталган мезгилдеги консерватор күчтөр ал чарбаларды реформалоого тикеден-тике каршы турушуп, өзүнчө бөлүп, аларга Жогорку Кеңеш аркылуу 1994-жылы 30 миллион сом дотация бөлдүртүшкөн (азыркы күчү 600 миллион сом). Он чакты жыл аралыгында алардын үчтөн экиси банкрот болушту.

Экинчи кемчилик, президенттин жарлыгы чыкканда Чүй облусунун жетекчилери айыл реформасына караманча-каршы чыгышкан. Алар айыл чарба министрлигин облуска жолотушпай, колхоз-совхоздордун шапкесин гана өзгөртүшүп, аларды «бириккен дыйкан чарбалары» деп түзүшкөн. Кийинки жыйырма жылда алар жүз пайыз банкрот болушту.

Айтмакчы, бул аралыкта Чүйдүн жетекчилери Азия өнүгүү банкынан 45 миллион доллар кредит алышкан. Ал каражат кумга суу куйгандай жок болду. Реформа болбогондуктан Чүйдүн айдоо жерлеринин болжолу 50 миң гектарын аткаминерлер жең ичинен бөлүп алышты.

Адистештирилген чарбаларды жана Чүйдүн колхоз-совхоздорун банкрот кылгандар соңунда «мына агрардык реформанын жыйынты Ошондой эле кыргыз айыл реформасынын жемиштүү ишке ашкан биринчи этабы ошол бойдон улантылбады.

— Сиз дайыма «айыл реформасынын экинчи жана үчүнчү этабы жасалбады» деп жүрөсүз. Ошого да токтоло кетсеңиз?

— Эсимде, 2004-жылы (анда өкмөттүн аппарат жетекчиси элем) мен Аскар Акаевге кирип, андан Германиянын канцлери Ангела Меркелге атайын кат жазуусун сурангам. Президент колдоп берди. Ал катта биз Кыргызстанда айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча тажрыйба зарылдыгын айтып, жардам сураганбыз.

Меркель маселени дароо чечип берген. Анын тапшырмасы менен бизге эки профессор келишти. Алар алгач бизден он бештей адамды (адистер жана ЖК депутаттары) Германияга алып барышып, дүйнөлүк атагы бар «Райффайзен» кооператив системасы менен тааныштырышты.

Кайра келип, чогуу айыл чарба кооперативдери боюнча атайын мыйзам даярдадык. Аны Жогорку Кеңеш талкуулап, колдоп берди. Тилекке каршы, ал мыйзам мына он сегиз жылдан бери ишке кирбей, чаң басып жатат.

Айыл жеринде кооперация кыймылын кеңири жайылтуу – бул агрардык реформанын экинчи этабынын өзөгү. Кийинки, үчүнчү этабына келсек, анда айыл чарбага арналган кредиттик акчанын ээси өкмөт эмес, эркин дыйкандар өздөрү болуш керек.

Биздин коопсуздук кызматы белгилегендей, соңку он жылда айыл чарба тармагына өкмөт бөлгөн кредиттин үч гана пайызы дыйкандарга жетип туруптур. Мисалы, бишкектик бир ишкер «Айылбанктан» мындан төрт-беш жыл мурда 2,5 миллион доллар кредит алып, ошол бойдон чет өлкөгө «зуу» коюптур.

Эгер бир адамга жүз миң сомдон бергенде, ал кредит 2075 дыйканга жардам бермек экен. Демек, коррупция тамырлап кеткен өлкөдө өкмөт айыл чарба кредит системасын, каражаттарын эч убакта дыйкандарга өткөрүп бербейт.

Белгилеп кетсем, эгерде соңку жыйырма жылда айыл реформасынын экинчи жана үчүнчү этаптары ийгиликтүү ишке ашканда, анда айыл элибиз азыркы абалынан үч-төрт эсе жакшы жашашмак. Бул жагдай, албетте, абдан өкүнүчтүү.

— Мына эки жылдан бери жаңы өкмөт иштеп жатат. Кабмин башчысы Акылбек Жапаровдун айыл чарба саясатына кандай баа бере аласыз?

— Тилекке каршы, жакшы баа берүүгө негиз көрбөй турам. Алсак, Евразия экономикалык биримдигинин артыкчылыгын колдоно албай келебиз. Ал уюмга кирүүнүн башкы максаттарынын бири – бул азыктүлүк продуктуларын экспорттоо болгон.

Аныгында, тескери көрүнүш орун алды. Россиянын, Казакстандын уну, өсүмдүк майы, Беларустун сүт азыктары биздин ички рынокту ээлеп, кыргыз дыйкандарынын мээнетине кедергисин катуу тийгизип жатат.

Мисалы, ун азыгын алалы. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда жылыга 500 миң тонна буудай өндүрүлчү. Жетишпегенин союз берчү. Кыргызстан эгемендик алганда эл ачарчылыкка кептелген.

Бирок кыргыздын жаңы эркин дыйкандары реформанын биринчи этабында эле, 1998- жылы, 1 миллион 200 миң тонна буудай өндүрүшкөн. Калктын керектөөсү 120 пайызга камсыздалган. Учурда өкмөттүн алсыз, чабал саясатынын натыйжасында кайра болгону 500 миң тонна буудай өндүрүп, Россия жана Казакстанга көз каранды болуп калдык.

Өкмөт айыл чарба экспорт маселесин таптакыр чече албай койду. Андан тышкары, Акылбек Жапаров кыргыз айыл реформасына эки жолу сокку урду. Биринчиси, дүйнөлүк эталон болгон кыргыз айыл чарба салык системасын президенттин жарлыгы менен (6-декабрь, 2021-ж.) жоюп салып, эми ал айыл өкмөттөрүнө түшчү төлөмдү өлкөнүн бюджетинен жапканы жатат.

Айта кетсем, мисалы, Грузияда салыкты президенттин жарлыгын мындай кой, ал эмес парламенттин мыйзамы менен да өзгөртө алышпайт. Эгер бийлик салык системасын өзгөртүүнү чечсе, анда жалпы элдик референдум өткөрүүгө аргасыз болот. Биздегидей мыйзамдарга «түкүрүк» мамиле аларда мүмкүн эмес.

Экинчи соккусу, Акылбек Жапаров өткөн жылы 17-декабрда өзүнүн 309-токтомуна ылайык, эркин дыйкандар ижарага алып иштетип жүргөн айдоо жерлерди айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган.

Бирок аны ишке ашыра албай келатат. Себеби, ал токтомду аткарып кирсе, анда аймактагы дыйкандар көтөрүлүп, борборго чогулушуп, Көкүйдү талкалап, өрттөп кетиши мүмкүн. Демек, «эсиң барда этегиңди жап» дегендей, ал токтомду эртели-кеч жоюш керек болот.

Булак: Азия News гезити

0