Баягы Асхат Түлɵбердиевдин иши, «Кимди ким кɵрдү, Быржыбайды там басты» болдубу?

316

Унута элек болсоңуз 2020-жылдын 24-декабрь күнү «Бишкек башкы курулуш» тармагынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев УКМК тарабынан камакка алынган. Ал Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген жана жер тилкелерин сатууда мыйзамсыз аукциондорду өткөргөн деген кине менен камалган эле. Кармалганы дурус деңизчи, бирок, арадан 5-10 күн ɵтпɵй эле кылмышка шектүү Түлɵбердиев Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыккан. Бул кɵрүнүш баягы «айран ичкен кутулат, челегин жалаган тутулат» дегендей эле болгон эле. Бүгүн анын камалганына дээрлик жарым жыл убакыт ɵтсɵ дагы Асхат Түлɵбердиевдин иши эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок. «Кимди ким кɵрдү, Быржыбайды там басты» дегендей эле алакан жайып олтурабыз.  

Бул Асхат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Ренат Түлөбердиевдин бир тууган агасы. Эсибизде министр болуп турган Ренат Түлɵбердиевге тиешелүү «Киргизия-1» аймагынан декларациясына кирбеген хан сарайлары табылган. Булар байлыкты болушунча жыйып-жыйып эле жакындарына каттата берген кɵрүнүштɵр да ММКларда кеңири айтылып келет. Бирок, тиешелүү тармактагылар Асхат Түлɵбердиевдин ишин кɵз жаздымда калтырып жатканы бизди таң калдырат. Мамлекеттин канын соргон ушундай мите курттардын айынан ɵнүгɵ албай, ɵмгɵктɵп атканыбыз жалганбы?

Булак:Де-Факто

0