Баткендеги чек ара чырынан бир адам каза тапты. Жалпы 17 киши жабыркады

194

Баткендеги чек ара чырынан улам бир адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 18:00гө карата Баткен облустук ооруканага дагы 5 жабырлануучу түштү. Анын бирөөсү каза болду.

“Дагы бирөө Лейлек жалпы медициналык практикалык борборуна келип түштү. Жабырлануучулардын жалпы саны 17ге жетти. Алардын бирөө көз жумду, бирөө амбулатордук түрдө дарыланууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

0