Баткенде кыргыз-өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыкты.

295

Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочуларынын арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Сай айылына өзбек жарандарынын малдары өтүп келген. Андан кийин айыл тургундары Чашманын жашоочуларына малдарды айдап кетүү керектигин айтышкан. Ошол маалда чыр чыгып, 2 кыргыз жаранын өзбек жарандары ур-токмокко алып, андан кийин өздөрүнүн аймагына кетишкен. Мындан улам чек арага эл топтолгон.

Село Сай в Баткенском районе

Баткен районунун акими Учкун Жоробековдун айтымында, чоң чыр чыккан эмес. Чек арага токмок жеген тургундардын гана жакындары чогулган.

Учурда окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер органдарынын кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты.

Учурда чек арадагы абал туруктуу жана көзөмөлдө болуп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен району менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында топтолгон жарандар тарады.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда чыккан чатакка байланыштуу аймакка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда турмуш-тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, анын кесепетинен мушташып, чек арага эки тараптан жарандар топтолгон болчу.

Азыр эки тараптан топтолгон эл тарады. Чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешти.

Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери териштирүү ишин башташты.

Булак: Turmush

0