Баткен жана Лейлек райондоруна жаңы акимдер дайындалды

136

Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими болуп, ал эми Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ошондой эле Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган, анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалган.

0