Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу акциясы 10-майда старт алды, ал 31-декабрга чейин созулат.
Лотерея үч этапта: 1-июлда, 1-октябрда жана 31-декабрда ойнотулат.
Ага Кыргызстандын 18 жаштан жогору курактагы бардык жарандары катыша алат. Байге фонду демөөрчү жана өнөктөштөрдүн жардамы менен түзүлдү.
Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:
– “Салык чек” атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;
– ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;
– алынган кассалык чектин QR коддун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү.
– система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.
1-июлда төмөнкү байгелер ойнотулат:
– 2 автоунаа;
– 10 iPhone 13 телефону;
– 10 Samsung телефону;
– 2 муздаткыч;
– 2 микроволновка;
– 2 кир жуучу машина;
– 2 чаң соргуч;
– Ысык-Көлгө эс алууга 5 жолдомо.