Балбан Акылбек Талантбеков эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди

222

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Акылбек Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта күчүн сынап, финалда грузиялык Гела Болквадзеге утулуп, күмүш медалга татыды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

0