Мэрдин милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергеновдун жеке фирмалар менен сүйлөшүүсү оңунан чыкпай, же шаардык кеңештин депутаттарын ийге келтире албай, эмне кыларын билбей эси эңгиреп турган чагы. Тариф маселеси чечилген жок. Бусиктер илең-салаң иштеп жатат, бирок, иш таштоо эртең эле кайра кайталанат.
Б.Кудайбергенов бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында “шаардык кеңештин депутаттары чогулбай жатат” деп башын шылкыйтып отуруп берди. “Аларды чогулткан колуңан келбесе, айланганы отурасыңбы? Кетпейсиңби?” деп кекеткен депутаттар да болду. Аны Б.Кудайбергенов түшүнгөн да жок. Шаардык кеңештин депутаттары кайдыгерлигин көрсөтүшүп, эл үч-төрт күн жөө калды. Алар шайлоо учурунда “элдин таманын жалайбыз” деген убадаларды беришет. Эми анык жүзүн көрсөтүштү. Аларды шайлаган элге да чала.
Колунан иш келбеген мэрдин милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергенов “300 автобус келет” деп ошого ишенип отурса керек. Ал автобустар 100 автобустук каттамдын 10 каттамын гана жаба алат. Калган каттамдарда Б.Кудайбергенов мурдагы мэрлер М.Керимкулов, А.Ногоев, А.Салымбеков, И.Өмүркулов, К.Кулматов, А.Суракматовдой болуп, рикшалардын бригадасын түзүп алышып, эл ташышабы? Качып жүргөн Д.Үсөнов менен А.Ибраимовдорду да кошуп алышса болот…
Айтор, шаардыктардын астында бийликтин рейтингин түшүрүү жагынан Бакыт Кудайбергенов тескери иштеп берди. Эми баа берилеби?
«Азия Ньюс» гезити