Бөдөш Мамырова: «Шайлоо бул тандоо. Эл талапкерлерди абдан карап анан тандашы керек»

287

Бөдөш эже, эмне үчүн башка партияны эмес, “Азаттык” партиясын тандадыңыз?

– “Азаттык” партиясын тандап алуума   мамлекетти түптөөчүлөрдүн бири заманыбыздын залкар инсаны, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов себеп болду. Улуу инсандардын, катарында болуп, жаштарга анча-мынча болсо да жол көрсөтөлү деген максат менен  шайлоого аттандым.

Түгөнгөн сайын түтөгөн,

 Түпкүрүндө күчөгөн.

Кыргыздар кыйын эл экен,

Кыйналган кезде бириккен.

Кыргыздын бир да сөзү жөн айтылбайт  тура. Чынында биз жай турмушта ар кимибиз өз оокатыбызды өткөрүп жүрө беребиз. Орчундуу мезгилде бир муштум болуп түйүлүп, ынтымакка келебиз. Ошон үчүн  “Азаттык”  партиясынын туусунун алдында Кыргызстандын булуң бурчунан чогулган улуу муун да, орто муун да  жүрөгү мекеним деп соккон мекенчил жаштар биригип,  шайлоого аттандык. Себеби, жаңы Конституция боюнча бийлик бир колго топтолду. Аны эл өзү каалады. Эл ошого добуш берди. Бирок, аткаруу бийлиги  да президенттин колуна өттү. Президентти бул жерден калпыстыкка жол бердиңиз, тигил жерден аша чаптыңыз деп катачылыгын  айтып тура турган парламенттин курамы күчтүү болушу керек. Болбосо бийликтин бир колго топтолгону  опурталдуу болуп калат.

– Туура тандоо жасай алабызбы?    

– Шайлоо бул тандоо. Эл талапкерлерди абдан карап анан тандашы керек. Анткени, быйылкы шайлоо өзгөчө шайлоо болуп жатат. Мурдагы шайлоолордой  басым, кысым анча байкалган жок. Ушундан пайдаланып,  шайлоодо туура  тандаганды үйрөнүшүбүз керек. Анткени, кандай адамдарды шайласаң ошондой парламент келет. Туура эмес депутаттарды шайлап алып, өкүнүп калбай турган болушубуз керек. Себеби алтынчы чакырылыштын депутаттарына  ар кандай ат коюлуп,  ар кандай сын айтышкан. Бул жолу ошондой калпыстыктан алыс болуш үчүн туура тандашы керек. Эл абийир, ар-намыс сатылбагандай эле добуш да сатылбайт экенин билиши керек. Элибиз “Азаттык ” партиясын тандап, добуш беришет деп ишенем.

Изготовитель: ИП Султанова Жыпар Ильясовна; адрес:г. Бишкек ул. Месароша 95-2. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» Тираж ХХХХ Изготовлено: «21.11.2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

0