“Азия Ньюс” гезити менен соттошуп аткан Талант Акматов ИИМден айдалды

673

ИИМдин ички иликтөө кызматынан күзөт башкармалыгына которулган Талант Акматов көпкө узабай ээрден ооп калганын эскертмекчибиз. Өздүк курам менен тил табыша албай, ыдык көрсөтүп атып, аягы кызматтан айдалды да, туурабы? Бул “кызыл шапкечен” каарманыбыз “Азия Ньюс” гезитин эски шефи Кашкар Жунушалиевдин “айдактамасы” менен сотко берип, былтыртан бери “ит жыгылыш” абалда келатат. Жакында Талант Акматовдун өткөн чагы тергелип, иш козголуп калбайбы?

“Азия Ньюс” гезити

0