Ажайып кооз: Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтү жарыяланды

487

Эл аралык космос станциясынын (МКС) борт инженери Сергей Кудь-Сверчков Ысык-Көлдүн сүрөтүн “Твиттердеги” баракчасына жайгаштырды.

Сүрөт 21-февралда космостон тартылган жана андан уюлгуган көл бороонун көрүүгө болот.

“Ысык-Көл – күмүш карлуу тоолордун курчоосундагы кымбат баалуу таш сыяктуу. Космостогу экипаж көлдү ушундай көрөбүз”, – деп жазды Сергей Кудь-Сверчков.

Анын теги казакстандык жана Орусиядан космоско учкан 124-космонавт болуп саналат.

Ал Эл аралык космос станциясына 2020-жылдын 14-октябрында барган.

0