Азамат Исраилов: Жол кыймылынын эрежелери – жашоо эрежелери дегенди билдирет

1150

Заман талабы, адамзаттын муктаждыгынан улам адамзат ушу тапта автоунаага түздөн-түз көз каранды болуп калды. Ал эми автоунаа жүрүш үчүн жол, атайын эрежелер, тиешеүү мыйзамдар болушу шарт эмеспи. Андыктан бул тармакты тескей турган кызматтар да арбын. Бирок, Кыргызстанда алардын негизгиси бул – Жол кыймылыгынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы. Биз бүгүн аталган тармактын башчысы, милициянын полковниги Азамат Исраилов менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы жол-транспорттук тартиптин абалы тууралуу маектештик.

  • Азамат Бакирович, маегибизди ушу тапта коомдук ар кыл пикирлердин чордону болуп турган «Коопсуз шаар» долбоору боюнча баштасак. Дегеле, бул жаатта абал кандай?

-Кыргызстандын аймагында «Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 4-март айынан баштап иштеп жатат. «Коопсуз шаар» компанентинин «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2022-жылдын 17-октябрына чейин 3 миллион 502 миңден ашуун жол  эрежесин бузуулар катталган. Транспорт каражаттарынын ээлери тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миллион 767 миңден ашуун  бузуулар боюнча токтомдор аткарылды. Мамлекеттик казынага 27 миллиард 807 миллиондон ашык каражат төлөндү. Камераларды орнотуу – бул мамлекеттин казынасын толтуруу эмес, бирден-бир жол кырсыгын азайтуу жана жол кырсыгынан каза болгон учурларды жокко чыгаруу максатында коюлган.   

Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББнын кызматкерлери жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында эскертүүчү, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келет. Анын алкагында жол кыймылынын катышуучуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырып, “жол кыймылынын эрежелери – жашоо эрежелери” деген түшүнүктү калыптандыруу аракетиндебиз. Дагы токтолуп кете турган нерсе, Бишкек шаары жана Чүй облусунун видео-фото фиксация аппараттык программалык комплекстер орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны кескин төмөндөөдө.

Фактыга келе турган болсок, 2022-жылдын 9 айында республиканын аймактарында 4972 (5426) жол-унаа кырсыгы катталып, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -8,3%га төмөндөгөн, анын кесепетинен каза болгондордун саны -21,8 пайызга (610тен 477ге), жаракат алгандар дын саны -4,9 пайызга (8301ден 7888ке) төмөндөгөн. Мурда жол кырсыктары көп катталган жерлерге “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары орнотулду. Азыркы учурда бул жерлерде жол кырсыктары кескин кыскарып, адам өмүрүн алган учурлары жокко чыкты. Ал эми 2-этабы боюнча республиканын жети облусунда 306 жерге орнотулуп, ишке кирүү алдында турат.

  • «Башкы МАИчи» катары айтсаӊыз, жол кырсыктарынын жаралуу себептери, өсүшү, кесепеттери дегендерге негизинен ушу тапта эмне таасир этүүдө?

-Жол транспорт чөйрөсүндөгү абалды анализдөөнүн негизинде республиканын жолдорунда жол кырсыктарынын өсүшүнө олуттуу таасир көрсөткөн айрым бир негизги факторлор бар. Маселен, алардын айрымдарына токтолоюн: Унаалардын кескин көбөйөө деңгээли. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, 2010-жылдан бери республика аймагында унаалардын саны 3 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө унаалардын саны 1 миллион 423 миң даана бирдикти түзүүдө.

-Көчөлөрдүн жана жолдордун өнүгүү тармагы жана инфраструктура унаалардын санынын өсүшүнө салыштырмалуу талап кылынган шарттан кескин артта калууда. Көпчүлүк жолдордун интенсивдүү каттамы, жолдордогу ашыкча кыйынчылыктар унаалардын каттамына бөгөт жаратып, олуттуу оорчулук туудуруп  мындан улам жол кырсыктарынын оор кесепеттерине тушугууга жол берүүдө.

  • Айтсаӊыз, ушу тапта жол коопсуздугун камсыздаган өздүк курамдын штаттык бирдиги мезгил талабына шайкеш келеби?

-Тилекке каршы, жолдордогу авариялык абалдын маанилүү факторлорунун бири бул жол коопсуздугун камсыздаган өздүк курамдын жетишпегендиги. Республика аймагында жалпы жолдун узундугу 66672 км түзөт, ошол эле учурда эл аралык жана мамлекеттик маанидеги жолдор 10 223,5км; жергиликтүү жана ведомстволук жана калктуу конуштагы көчөлөр – 56 448,9км; республика аймагында унаалардын саны 1 миллион 423 миң даана, ал эми түздөн түз жол кыймылын көзөмөлдөгөн ЖККК тескөөчүлөрдүн штатынын саны 750 бирдиктен кичине эле жогору (1990-жылдан бери ЖКК кызматкерлеринин саны єскєн эмес). Азыркы учурда жолдордун 16 пайызы гана жол кыймылынын көзөмөлүнө алынууда. Ошол эле учурда бир жол коопсуздугун көзөмөлгө алуучу кызматкерге 86,8 км жол, анын ичинен 13,3 км эл аралык мамлекеттик маанидеги жана 73,5 чакырым жол калктуу конуштардагы көчөлөр туура келет.

  • Жол кыймыл эрежелеринин кээ бир бузууларына, айдоочулук жоопкерчиликти татаалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоору сунушталган эле?

-Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жєнїндє» Жарлыгын аткарууга ылайык иштелип чыкты.

Ушуга байланыштуу, бул мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары – Кодекс) жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү: 1) «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө»; 2) «Автомобиль транспорту жөнүндө»; 3) «Билим берүү жөнүндө»; 4) «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталаарын белгилей кетүү керек.

Азыркы практикада ЖУКту идентификациялоодо ЖУКтун негизги себеби болуп төмөнкүлөр эсептелет: – ылдамдык режиминен ашыра айдоо;- ашып өтүү жана каршы кыймылдын тилкесинде кетип бара жатып маневрлөө; (буйтоо) эрежесин бузуу;  мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу.

Ушуга байланыштуу, жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо жана жол кырсыктарын болтурбоо, ошондой эле айдоочулук тартипти чыңдоо максатында бул мыйзам долбоору Кодекстин 28-беренесин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын жаңы түрү киргизилүүдө.

Тактап айтканда эгерде айдоочу алкоголь, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттарды колдонуп, мас абалында транспорт каражатын башкаруусу биринчи жолу аныкталса 3 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Ушундай эле эреже бузуу менен жол кырсыгын жасаган болсо келтирилген оор кесепеттерине жараша 3, 5, 10, 15 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу эрежеси каралган.

  • Азамат мырза, жакында эле эки унаа кагышып, 8 адам мерт болгон окуя орун алды. Аныгында, мындай окуялар аз эмес. Мындай карагашанын алдын алуу жаатында кандай иштер жүрүүдө?

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-р токтомунун талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош автожолу боюнча жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары өзгөчө кичинекей кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар менен ташууга тыюу салынат. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары, өзгөчө кичинекей, кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт.

Ооба, сиз белгилегендей 13-октябрь күнү Ала-Бел ашуусунда дагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бишкек-Ош жолунун 211-чакырымында Мерседес-Бенц унаасы менен Хонда-Стрим унааларынын кагылышына ашуудагы жолдун катаалдыгы себеп болгон.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат. Урматтуу айдоочулар, жол эрежелерин так сактаңыз, ашуулардан түшүүдө жана көтөрүлүүдө өзгөчө этият болуңуздар.

Маектешкен Афина Бакирова

0