Автобазардагы башаламандыкты Эркин Тентишев эптей албай койду

361

Демалыш күндөрү Военно-Антоновкадагы автобазардын айланасында узун тыгындан жүргүнчүлөр өтө албай кыйналып келишет. Эки чакырымдай жерден узак убакыт кармалышып, жагымсыз маанай жаралат. Машина сатуучулар көчөгө чыгып алышкан, чылгый башаламандык. Мындай көрүнүш бир канча айдан бери кайталанып келатса да, Сокулук акимиатынан, Чүй облусунун жетекчилигинен эч кандай реакция жок. Губернатор Эркин Тентишев байлыгын санагандан башкага убакыт таппайбы? А болбосо тартипти көзөмөлдөп, иретке келтирип коюу бат эле эмеспи. Аныгында башкаруу жок. Ортодон эл гана кыйналууда. Мындай шартта Эркин Тентишевдин эмне кереги бар? Эгерде башка тирикарак, ишбилги губернатор болгондо, эмгиче ырааттуулукту орнотуп коймок да, туурабы? 

“Азия Ньюс” гезити

0