“Атың чыкпаса жер өрттө” же балык депутат Садиков “хайп” жаратканда…

389

Жогорку Кеңештин балык депутаты Улугбек Садиков жарандарды шайлоого келүүгө милдеттендирип, келбесе чара колдонууну сунуштады.

Ал соңку ирет шайлоолорго өтө көп каражат жумшалып, бирок ага шайлоочулардын 30-40 пайызы гана катышып жатканына нааразы болду.

Оболу Улугбек мырза эл шайлоого эмне себептен келбей жатканына кызыгып көрбөйбү? Сүйлөйт деген ушул экен деп бакылдай берсе болобу? Же кыжырга тийген билдирүүсү менен элге таанылып, “хайп” жараткысы келдиби?

Биринчиден, 6 млн элди мажбурлап шайлоого алып баруу түздөн-түз адам укугун тебелегендикке, демократияга сокку урууга барабар эмеспи?

Экинчиден, элдин шайлоого баруусу азайып кеткенине саясатчылар өздөрү күнөөлүү. Карапайым калкыбыз илгери үмүт менен шайлоого барып канча эренди шайлады, бири дагы эл үмүтүн актаган жок. Тескери заара ушатып кетишти. Саясатчылардын жалганына тойгон элибиз шайлоолордон тажап калганы көрүнүп эле турат. Амалдуу саясатчылар элге сөзү өтпөй калган соң, добуш сатып алуу ыкмасына өтүштү. Андыктан Улугбек мырза элди мажбурлап шайлоого алып келүү демилгесин көтөргөндөн көрө, саясатчылар элге берген убадасын аткаргандай мыйзам долбоорун сунуштасаңыз эл ыраазы болот эле. Качан гана саясатчылар эл үчүн ак иштеп баштаганда эл жапа тырмак колдоого өтөөрүн унутпаңыз депутат мырза. Жөн эле элге таанылып калайын деген куру популисттик кадамыңыз өтпөйт.

Булак: ЧЫНДЫК

+1