Коррупция, адам өлтүрүү ж.б бир катар оор кылмыштарга айыпталып камакка алынган Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу иликтөө жасады. Анда, Камчыбек Ташиев жеке булактардын жардамы менен мамлекеттик мекеме имараттарын куруп жатат деп күнөөлөгөн. УКМКнын төрагасы өз кезинде инвестиция тартып, анын жардамы менен мамлекеттик кызматкерлерге зарыл болгон имараттарды, ооруканаларды баштаганын айткан.
Эми, Атамбаевдин өзүнө келсек. Ал, президент болуп турган кезинде мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып өзүнө шарт түзгөн. “Дастан” заводуна караштуу 27,5 гектар жер тилкесин тартып алып, ага жеке өзүнө үй салган. Эбегейсиз чоң аймакты ээлеген, асман тиреген хан сарайга ээ болгон.
Салыштырып көрөлү:
Камчыбек Ташиев жеке булактар аркылуу мамлекетке үй, имараттарды куруп жатат. Ал, мамлекеттин балансында калып, элге кызмат көрсөтө турган имарат болот.
Алмазбек Атамбаев мамлекет ээлик кылган жерди өзүнө тартып алып, хан сарай салып алган.
“Апрель.ТВ” иликтөөсүнө эл калыс баасын берип, эл жыйынтык чыгарсын.
“Апрель.ТВ” өздөрүнүн кожоюну Кой-Таштагы хан сарайын кайсы каражатка салганын, жери кантип бөлүнгөнү тууралуу дагы иликтөө чыгарат деген үмүттөбүз.
Булак:Абал.кж