“Ата Мекен” : Тажикстан агрессор, алар жоопко тартылшы керек!

1330

Тажиктердин Баткенге кол салып, согуш ачканы боюнча партиялардан биринчи болуп «Ата Мекен” билдирүү кылды. Анда Тажикстандын аракетин агрессор деп баалап, эл аралык институттарга кайрылып, аларды күнөөлөгөн чечимдерди чыгарттырып, чараларды көрүшүбүз керек экени белгиленген👇

  • 2021-жылдын 28-апрелинде биздин өлкө тыкыр пландаштырылган жана алдан ала даярдалган агрессияга – кол салууга кабылды. Ага Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрү жана ушул мамлекеттин куралдуу бандиттеринин тобу катышты.

Бул жаңжалдын кесепетинен 4 күндүн ичинде биз 36 мекендешибизди – 12 жашар кызды, аскер кызматкерлерибизди, жөнөкөй жарандарыбызды жоготтук. 180ден ашуун жарандарыбыз жаракат алышты, ондогон үйлөр, мектептер, чек ара бекеттери, май куюучу жайлар, дүкөндөр жана башка объектилер өрттөлдү. Тажиктер тарабынан үйлөр тонолуп, мал уурдалган, унаалар талкаланып, өрттөлгөн. Биздин эң жөнөкөй жана ашыкча байлыгы жок мекендештерибиздин көптөгөн жылдардан берки оор мээнетинин жыйынтыгы жок болду.

Эн негизгиси, Кыргызстандын территориясынын бүтүндүгүнө, кол тийбестигине шек келип, суверендүүлүгүбүз жабыркады.

«Ата Мекен» партиясы эл аралык коомчулукка жана эл аралык институттарга кайрылып, Тажикстанды агрессор-өлкө катары таанууну жана эл аралык укуктарга ылайык бул согуштун уюштуруучуларын жазалоону, биздин Мекенибизге келтирилген зыяндардын ордун толук түрдө толтуруу талабын коюу керек деп эсептейт.

Биз жарандарыбыздын баа жеткиз өмүрүн кайтара албайбыз, бирок адилеттүүлүктү орнотууну талап кылабыз!
Агрессор жооп алыш керек!!!

+1