Аслан Кулбаев, юрист: “Эски кодекстерге кайтсак, мамлекет артка кетет”

522

Учурда “Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору коомдук талкууда. Бул боюнча юрист, эксперт Аслан Кулбаев өз пикири менен бөлүштү.

-2019-жылдан бери иштеп келе жаткан кодекстер менен азыр сунушталып жаткан кодекстердин долбоорлорунун айырмасы эмнеде?

-Азыр сунушталып жаткан кодекстердин долбоорунда илимий негиз жок. Жаңы Конституцияда да 2019-жылдагы кодекстерге карама-каршылыктар жок. Бул жерде укук коргоо системасында мурдатан иштеп көнүп калган айрым кызматкерлердин ою гана бар. Ал эми 2019-жылдагы кодекстер жаңы укуктук системаны түзүүгө багытталган. Аларды бузбай, бирок жетишпеген жактарын оңдоп-түздөп, укук коргоо, сот системасынын ошол багытта реформалап,  иштеп кетишине шарт түзүү зарыл болчу.

Тилекке каршы, эски кодекстерди алып келүү аракети алдыга жылбай, артка кетүүнү гана билдирет. Мисалы, сунушталып жаткан Жазык-процесс кодексинин долбоорунда прокуратуранын ыйгарым укуктары негизсиз көбүрөөк жазылып калган. Анда соттун, милициянын, адвокаттын, жарандын укуктары бардыгы тең салмакта болушу керек да. Биз 2019-жылдан бери кодекстерге мониторинг жасап, ар бир орган өзүнө гана тартканга аракет кылаарын байкаганбыз. Бул балким мыйзам ченемдүү нерседир. Бирок андай болууга жол бербеш керек. Биздин оюбузча прокуратурада, тергөөдө, адвокаттарда, сотто баланс болуш керек. Ошондой баланс менен кабыл алынган 2019-жылдагы кодекстерге чоң жаңылыктар кирген. Бирок аларды коомчулук толук көрүп-билип, сезүүгө үлгүрбөй калды. Эски бийликтин катачылыгы, ал кодекстерди киргизип, бирок укук коргоо органдарынын ичинде реформа жүрбөгөндүктөн, алар бири-бирине карама-каршы келип практикада көптөгөн маселелер жаралды.

Мындан сырткары, Жазык-процесс кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө көптөгөн карама каршылыктар жана башка жетишпегендиктер бар. Эгер аларды оңдобой туруп Жогорку Кеңеш кабыл алса анда дагы маселелер жаралат. 

 Азыркы жаңы Конституцияда бекитилген Президенттин ыйгарым укуктары, мамлекетке, коомго, ар бир адамга маанилүү соттук-укуктук реформанын башында өзү туруп  жүргүзүүгө жол берет. Президенттин алдында Соттук реформа боюнча кеңеш бар, ошолор “жети өлчөп бир кесип”  маселени терең изилдеп, бардык тараптардын оюн угуп, чечим кабыл алышы зарыл. Эгер реформалар бир органдын алдында жүрсө анда мыйзамдар да бир тарапка ооп кетет, мунун зыяны кийин коомчулукка катуу тийиши ыктымал.

-Азыркы кодекстердин долбоорлорун сындап жаткандар совет доорундагы репрессиялык системага кайтып баруу коркунучун айтып жатышат. Ушундайбы?

-Азыркы иштеп жаткан кодекстер Бузуу, Жорук, Жазык деп бөлүнөт. Булардын ар биринин өз жоопкерчилиги бар. Азыр болсо Бузууларды эскиче Административдик жоопкерчиликке киргизип, ал жерге жарандардын гана эмес, кызмат адамдарынын да жоопкерчилигин карайбыз дешет, бул туура эмес. Ал эми Жоруктарды Жазык кодексине кайра киргизип жатышат. Бул кайра эле мурдагы совет доорундагы системаны кайтарып келүү. Бузуулар, Жоруктар жана Жазык кодекстери эл аралык укуктардын стандарттарына ылайык түзүлгөн, жаңы багыттагы кодекстер. Бул жагынан коңшу мамлекеттерге караганда кыйла алдыда элек. Мындай иште артка кайтуу бир дагы өлкөдө болгон эмес. Прибалтика, Грузия, Украинаны тим коелу, биздикиндей жаңы багыттагы иштер коңшу Казакстанда да жүрүп жатат.

-Ошол эле учурда кодекстердин долбоорун жактагандар азыр иштеп жаткан кодекстер ашкере гумандуу болуп кеткен деп жатышат. Буга эмне дейсиз?

-Негизи бардык мамлекет, адамдар да гумандуу болуп, дегеле гумандуулук биздин принцип болушу зарыл. Чындыгында 2019-жылдагы кодекстер укук коргоо органдарына көп маселелерди жаратты, бирок алар ошол системанын эскилигинен, ишти уюштуруудан чыккан маселелер.  Бир мисал, мурда 2019 жылга чейин кылмыш ишин козгоп аны сотко өткөрүү чоң маселе болчу. Адамдар арыз жазса да кылмыш ишин козготуу көп аракеттерди талап кылчу (арыздардын 70-80 пайызы боюнча көп убакта мыйзамсыз себептер менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылчу), себеби укук коргоо органы санга, статистикага байланган болчу. Айталы, статистика боюнча болжол менен бир жылда 40-45 миң кылмыш иши козголсо, анын 70-75 пайызынын бети ачылып сотко жиберилиш керек деген саясат жүрчү. Ал эми сот ошол иштердин 98 пайызына айыптоо өкүмүн чыгарчу (сотко тиешелүү бул жагдай тилеке каршы азыр деле оңолгон жок, ошол себептен сотторго болгон ишеним аз).  Укук коргоо органдары да кылмыштардын 70 пайызы ачылаарына ишенишчү эмес, бирок быйылкы жылдын көрсөткүчү былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн аз болбош керек эле. Ошентип укук коргоо органы жалаң статистикага байланып калып, адам укуктары такыр унутулуп калган. Ушулардын бардыгын ЕРПП (Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри) сындырды. Мында канча арыз түшсө бардыгы катталышы керек. Туура, арасында негизсиз арыздар аз эмес, укук коргоо органдарына жүктөмдөр көбөйдү. Бирок буларды иштөөнүн жаңы ыкмаларын киргизип чечишсе болмок. Кагаздарды азайтып санариптештирүүнү тездетиш керек.  Ушул жаңы системаны андан ары тыңытып алып кеткенде анын жакшы жагын коомчулук бааламак.

Угуп, түшүнүүнү каалагандардын бардыгына 2019-жылдагы кодекстердеги жаңы институттардын жакшы жактарын теория жактан эле эмес, практиканын маселелерин чечүүдө жакшы экендигин биз далилдеп бере алабыз.

0