Аскар Салымбеков “Эмгек” партиясы аркылуу Бишкекке беш манжасын матырабы?

109

Ырысбек Мааткабылов “Эмгек” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине аттанды. Артында Аскар, Мамытбай Салымбековдордун урук-тууганы, дос-жары, куда-сөөк, жерге-жээктери баары аттанышыптыр. Бийлик атайын бир кланга Бишкек шаарын карматууга шарт түздүбү? Эске салалы, 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин Аскар Салымбеков убактылуу башкалаага мэр болуп калган. Бул эргул ошондо чүйгүн жерлерден ооз тийип калганбы, айтор, андан бери Бишкек шаардык кеңешинен туугандарын түшүрбөй келет. Эми биротоло беш манжасын “Эмгек” аркылуу матырганы калды окшойт…

“Азия Ньюс” гезити

0