Аргасыздан түңүлөсүң эй! Таалайбек Өмүралиевдин профессионалдуулугу, мекенди коргоого болгон аракеттери ич жылыткан жок

1113

Аргасыздан түңүлөсүң эй! Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин профессионалдуулугу, мекенди коргоого болгон аракеттери ич жылыткан жок. Кайгы аралаш ый тартуулады. Атаңдын көрү! Баткендеги согуштан соң эки жетекчинин алсыздыгы даана байкалды. Бакыйган системаны башкарып атышып, эң жок дегенде элге туура маалыматтарды жеткизүүдө, алдын ала жай тургундарды коргоодо чалагайым болушуп, деги эле алсыздыктары ачык көрүндү. Эң башкысы, коопсуздукка карай ыкчам чараларды кыла алышпай, жетеленме, чийки кадрлар катары таанылганы ырас. Иш жүзүндө Уларбек Шаршеев менен Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматтарынан бошотулушу шарт. Мындай колбашчылар менен алыска бара албайбыз, элибиздин гана шору!


“Азия Ньюс” гезити

0