Ырчы Анжелика Түркиянын Аланья шаарынан алган үйүнүн документтери бүтүп, ачкычын алганын айтат:
«Мындан эки жыл мурун тилеп койдум эле, Кудай буюруп, туулган күнүмдө бул жакшылыгым туура келип калды. Чет өлкөдөн эмес, өз өлкөмдө эле бир бөлмөлүү үйүм болсо деп кыялданган күндөрдөн өттүм. Жашоо сыноолордон турат. Канатыбыз кайрылса дагы бир канат менен учканга Жаратканыбыз эки эсе күч, мүмкүнчүлүктөрдү берерин биле жүрүшүбүз керек экен.
Түркия мамлекетинин Аланья шаарынан уя салып, колума бардык тийешелүү документ менен ачкычын алып отурам. Ичиндеги ар бир эмерегинен тарта кашыгына чейин апам экөөбүз сүйүнүп алып, бир башкача сезимдер менен жүргөн мезгилибиз. Аллахым батасын берип, ден соолугубузга шыпаасын берген жер болсун. Жакшы адамдардын сапары болуп, эс алып, сыйыбызды дагы көрсөтө алчу жер болсун. Бул койнума батпай, сиздер менен бөлүшүп жаткан жаңылыгым ар бириңиздерге жуксун, ашсын! Келем деген ар бир мекендешибизди тосуп алып, кереметтүү Аланья шаарын көрсөткөнгө, үйгө чакырганга даярмын. Ынтымактуу элибиз жер көрүп, башка өлкөлөрдө дагы ийгиликтерди багындырышына тилектешмин” дейт ал