Анжелика Кайратова, ырчы, алып баруучу: «Чоң көйгөйлɵрдү чечүү кичинекей нерсени ишке ашыруудан башталат…»

2634

Маек тɵр

Ырчы, теле алып баруучу катары элге таанылган Анжелика Кайратова эми ɵзүн саясаттан сынап кɵрүүгɵ бел байлаптыр. Ар тараптан ийгилик жаратып келе жаткан ырчы айымыбыз алдыдагы пландары, кыялдары, ой-максаттары менен бɵлүштү…

–Анжелика, сизди ырчы, алып баруучу жана ишкер айым катары билебиз. Мына эми саясатка да аралашып, 2021-жылдын 11-апрель күнү ɵтɵ турган Жергиликтүү Кеңештин шайлоосуна, тагыраагы Бишкек Шаардык Кеңешке аттанып жатыптырсыз. Саясатка аралашууңузга эмне түрткү болгонун билгибиз келип турат…

–Ооба, учурда биздин коомубуз абдан саясатташып кеткени талашсыз. Эки кишинин бирɵɵ депутат болууга умтулуп калды. Аларды жамандагандан алысмын, барынын тилеги жакшы, ниети жакшы дегендей. Бирок, айрым учурларда эл кɵйгɵйүн чечүү үчүн депутат болбой эле, тескерисинче жеке кызыкчылыгын ɵйдɵ койгондор депутаттыкка умтулуп жатканы мени ойлондурат. “Биз качан жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын ɵйдɵ койгонду үйрɵнɵбүз?”, – деген суроого жооп издеп келем. Негизинен депутат дегенде элибиз эл баккан азаматтарды элестетиш керек эле. Тилекке каршы бүгүнкү күндө элибиз депутат десе эле коррупционер, элге каршы иштеп, элди талап-тоногон адамдарды элестетип калды. Албетте, депутаттардын арасында мыкты иштеген, элге карамдуу депутаттар жок эмес. Бирок, ɵтɵ аз санда. А жалпылап айтканда азыр депутат дегендердин дарегине коомчулук тарабынан сын-пикир, нааразычылык абдан кɵп десем жаңылышпайм.

Мен элимдин жакшы жашоодо жашаганын, ɵлкɵмдүн ɵнүгүп-ɵскɵн мамлекет болушун чын жүрɵгүмдɵн каалайм. Саясатка аттанып жатканымдын себеби да ошол, элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн бар аракетимди жумшоо. Аз болсо да ɵз салымымды кошуу менен бирге чыныгы элдик депутаттардын бар экенин кɵргɵзгүм келет. Кудай буюруп депутат болуп калсам, жеке кызыкчылыктан ɵлкɵнүн кызыкчылыгын жогору койгон эл ɵкүлү болом деген изги тилегим бар.

–Сиз бизнеске аралашып келе жаткан адамсыз. Бизнесиңиз да так ушул борборкалаабызда дегендей. “Анжелика бизнесин коргоо үчүн Бишкек шаардык Кеңешке депутат болгон жатат”, -деген сɵздɵр да айтыла баштады. Аларга кандай жооп бересиз?

–Биринчиден менин коргоого муктаж болгондой кабат-кабат үй курган компаням же ири базарым жок. Чакан ишкерликти аркалап келе жатканыма 13 жыл болду. Тактап айтканда ак эмгегим менен ачып алган жеке сулуулук салонум бар. Ошондой эле окуучуларыма сабак берген бир офисим бар. Кудай ошону кут кылсын. Мындан ашыкча бизнес ачсам же дагы чоңураак бизнес түптɵсɵм деген оюм жок.

Байкап кɵрсɵңүздɵр, Бишкек Шаардык Кеңешке курулуш тармагында бизнеси бар же борбор шаарыбызда ири базарлары барлар депутат болуп келүүгө ашыгышат экен. Башкача айтканда азыр Бишкек Шаардык Кеңеште олтургандардын 90%ы бизнесмендер. Эми алардын максаты шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүү эмес, жеке бизнестерин коргоо экендиги айтпаса да белгилүү да.

–Сиздердин команданын канча пайызын ишкерлер түзɵт?

–Биздин командада билимдүү жаштар арбын. Жөнөкөй мигранттардан тартып, элди тейлеп келген таксист жана кафеде эл тейлеп иштеген (официант) улан-кыздарды да биздин командададан табасыз. Булардын бизнеси жок, чындап элдин кɵйгɵйүн чечебиз деген жаштар. Ар-бири ак эмгеги менен иштеп, үй бүлөсүн гана бакпастан колунан келген жардамын элден аябагандар. Башкасын айтпаганда дагы ɵткɵн жылы пандемияда акыркы акчасына чейин карапайым калктын саламаттыгы үчүн дары-дармекке берген патриот инсандар биз менен шайлоого аттанды. Ошондой эле жакшыны дагы, жаманды дагы жашырбай, коомчулукка алып чыккан блогер-активисттерден да уучубуз куру эмес. Эптеп эле депутат болуш үчүн төш кагып чоң-чоң нерселерди убадалабай, кичинекей иш болсо дагы ошону аткарып, аягына чыгуудан башташыбыз керек. Себеби, чоң көйгөйлɵрдү чечүү кичинекей нерсени ишке ашыруудан башталат эмеспи. Мен мурда-кийин чоң-чоң кызматтарда иштеп мамлекеттин чɵнтɵгүнɵ кол салган эмесмин. Кудай алдында жана эл алдында таза иштеп келгем жана иштей берем. Башкаларга таза иш алып барууну үлгү катары көрсөтүшүм керек деген принциптемин.

–Сиздер шайлоо алдындагы программаңыздардын ɵзөгүн кандай багытта түздүңүздɵр?

–Тазалыкка тыкыр кɵзɵмɵл кылышыбыз керек деген пикирдебиз. Айрыкча, борборкалаабыздын тазалыгына өзгөчө маани берүү мезгил талабы болуп турат. Жыл сайын жашоочулардын саны арбып атат. Бирок, ага “Тазалык” ишканасынын бүгүнкү абалы жооп бере албай жатат. Жашоочулардын санына жараша “Тазалык” ишканасынын ɵзɵгүн ɵзгɵртүп, ири ишкана кылып, кеңейген форматта иш алып барышыбыз керек. Ошондой эле таштандылардын кайра иштетүүгө жана аларды туура ыкма менен жок кылуу жаатында иш алып барабыз. Жалпылап айтканда таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү демилгесин кɵтɵрɵбүз. Дары-дармектердин баасын жана сапатын көзөмөлдөө. Экинчиден, чет өлкөлөрдөн келген гум жардамдарды элге жеткирүүдө онлайн көзөмөлдөөгɵ шарт түзүп берүү. Мамлекетке караштуу социалдык мекемелердин мыйзамсыз жеке менчикке өткөндөрүн кайрадан иликтеп чыгып, мамлекетке жана элдин менчигине кайтаруу. Менин эң башкы максатым социалдык шаарча куруу. Бул долбоордун даяр проектиси бар, аны ишке ашыруу менин колумдан келет. Мектеп программасы жана маданият-спорт тармагы боюнча да ири долбоорлорубуз бар.

–Сиздин байкооңуз боюнча азыр эл ичиндеги негизги кɵйгɵйлɵр деп кандай кɵйгɵйлɵрдү атайт элеңиз?

–Өзгөчө коомдогу жумушсуздук кɵйгɵйлɵрдүн күрɵɵ тамыры болуп турат. Ошондой эле ɵспүрүм курактагы балдардын проблеммасы чоң адамдардан көз каранды. Алар менен да тыгыз иштөө абзел.

Бүгүнкү күндɵ интернет тармагы саат сайын эмес, мүнɵт сайын ɵнүп-ɵсүүнүн жолунда. Мына ошол интернет ɵнүккɵн заманда “фейк” деген термин пайда болду. Түшүнүктүү тил менен айтканда аты-жɵнүн жашырып соц. тармактарга катталып алган интернет пайдалануучулар булар “фейктер”. Жашыруун ат менен кирип алып оозуна келгенди оттойт. Бирок, бирɵɵ дагы жазган сɵзү үчүн жооп бербейт. Мына ушул “фейктерди” ооздуктоо жана алар жазган маалыматтарды таратууга бөгөт кое турган, аларды тескей турган орган түзүү зарыл болуп турат. Муну чукул арада ишке ашырбасак болбойт. Себеби, учурда “фейктер” бир топ адамдардын психологиясын бузуп, тагдырын талкалап койгон учурлар да катталып жатат. Бул нерсени убагында токтотпосок келечекте чоң зыян алып келген ири кɵйгɵйгɵ айланып кетиши толук мүмкүн. Биздин шайлоо алдындагы программабыз ɵтɵ кеңири жазылган. Алардын баарын айтып олтурсак узун сɵз болуп кетет. Буюрса, баарын элге жеткирүүгɵ аракет кылабыз. Эң негизгиси бизге ишеним арткан инсандардын ишеничин актап беребиз десем жаңылышпайм.

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто

0