Теле алып баруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева «Маданияттын мыкты кызматкери» болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлыу тапшыруу аземинде Жамгырчиевага наам ыйгарылды.
«Бүгүн мамлекеттик сыйлыкты күтүүсүз алдым, кубанычыма тең жок! Бардык маданият кызматкерлерин, кесиптештеримди майрамыбыз менен куттуктайм!», — дейт ал.