Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөнү эптей албаганы – чыккынчылык!

436

Учурда баардык өлкөлөрдө ковид илдетине каршы эмдөө активдүү уюштурулуп, мамлекеттин болгон күч-аракети ошол багытка жумшалып атат. Кыргызстанда гана Улукбек Марипов жетектеген өкмөт баягыдай эле жалдырап, сырттан келген бекер вакцинаны да элге жеткизе албай убара. Угушубузга караганда, Россиядан эчак эле келчү жүз миңдеген вакциналарды министр Алымкадыр Бейшеналиев “вакцинадан бирөө өлүп калса ким жооп берет?” деген шылтоо менен кол коюудан баш тартып атыптыр. Ошондой эле көрүнүш Батыштан келчү вакциналарда да болууда. Бир ай мурун эле “ковакс” вакциналары жүз миңдеп Өзбекстан менен Тажикстанга келген. Ал эми А.Бейшеналиев болсо “бизде муздаткыч жок” деп ЮСАИД менен ЮНЕСКОго жоопкерчиликти оодарып, качып жүрөт. Улуу коңшу Кытай кыргыз өкмөтүнүн чоюлганын күтпөй, “лицензиядан өткөзө элекпиз” дегенине карабай, самолетуна 150 миң доза вакцинасын жүктөп салып жиберди. Ал вакцинаны эми министр Бейшеналиевдин өзүнө окшогон медик байкуштар күнүнө жүз кишиге эле сайып атышат. АКШда бир эле күндө төрт миллион кишиге вакцинация кылып атышса, коңшу өлкөлөрдө жок эле дегенде он миңдеп эсептелет. Бизде күнүнө жүз кишиге сайылса, мындай темп менен эч качан пандемияны жеңбейбиз. “Вакцина кооптуу” деген түркөйлөргө туура жана так жооп да кайтара албаган бийликтин деңгээлин көрүп күйөсүң. Жөнөкөй аспирин дарысынан да анафилактикалык шок болуп жылына жүздөгөн адамдар өлүшөт. Ага салыштырмалуу ковидге каршы вакцина коопсуз экенин эмне үчүн түшүнүшпөйт? Алымкадыр Бейшеналиев “вакцинадан бирөө өлүп калбасын?” деген суроонун ордуна “вакцина тез арада сайылмайынча, көп адамды жоготуп алабыз” деп уйку жоготсо туура болмок. Акыркы эле күндөрү коронавирус илдетинен белгилүү офтальмолог Михаил Медведев менен экс-депутат Токтогул Туманов кайтыш болушту. Буларга вакцина сайылганда, тирүү калышмак… Азыр пандемиянын үчүнчү толкуну каптаганы анык болуп калды. Туугандарыбыз вакцинага жете албай, өмүрү менен кош айтышса, күнөө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Улукбек Марипов жетектеген өкмөттө болорун эстен чыгарбайлы!

“Азия Ньюс” гезити

0