Алмазбек Атамбаев түрмөдө жатып, реванш алууга аракетин баштадыбы?

808

Түрмөдө жатса да Алмазбек Атамбаев командасын саясаттан сырткары таштабай, Бишкек шаардык жана жергиликтүү кеңештерге Социал-демократтарды катыштырды. Лидери Темирлан Султанбеков бараандуу саясатчылар менен теңтайлашып, “тиш салышып” келатат. Бул көрсөткүчтөрдү чоң күрөшкө карай машыгуу катары баамдасак болот. Ал эми Атамбаевдин башкы максаты – кайрадан реванш алуу, Сапар Исаковду же өзүнө ыңгайлуу лидерди түртүү менен бийликти чеңгелдөөбү? Дал ушул жагынан ачыкка чыкпаган божомолдорду жакында айгинелейбиз. Соңку убакта түрмөдөгү экспрезиденттин абалын сурагандар, сыйлуу тамактарды киргизгендер, жашыруун түрдө салам айткандар көп экен. Саясатчылар байма-бай каттап турганы да айтылууда. Атамбаевдин ден соолугу гана ойдогудай эмес, калган жагы, духу, күрөшчүлдүгү, авантюрасы баштагыдан да бышып жетилгени ырас. Мындай шартта аны эркиндикке чыгарып койсо, көп балээден бийлик төбөлдөрү кутулушат беле? Канчалык камакта көп кармаса, ошончолук баш ооруну жаратары бышык.

“Азия Ньюс” гезити

0