
12-мартта Алматыда ондогон активист шаардык полиция департаментинин алдына чогулуп, банк эсептеринин камакка коюлгандыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Банк жөнөткөн катка ылайык, алардын эсеби полиция тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен камакка алынган.
Активисттердин бири Жасарал Куанышалин муну өткөн жумада бозгундагы оппозициячы, «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери Мухтар Аблязов менен интернетте түз эфирге чыккандыгы менен байланыштырууда.
— Банк эсептери камакка коюлгандардын бардыгы ошол түз эфирге катышкандар. Бир сөз менен айтканда, полициянын бул кадамы Мухтар Аблязовго каршы багытталган. Назарбаев менен жакындары андан коркушат. Алар үчүн Аблязов №1 душман. Аны менен байланышкандардын бардыгын «экстремист» деп айыпташат», — деди Куанышалин.
Активисттердин айтымында, кеминде 18 адамдын банк эсеби камакка коюлган. Алар «Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алматынын полиция департаментине чакырылган.
Чогулгандардын алдына чыккан Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Рустам Абдрахманов банк эсептеринин камакка коюлушун «убактылуу чара» деп атап, бул иш боюнча иштеп жаткан тергөөчү азыр жумушта жок экенин билдирди.
— Кылмыш иши «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын Алматыдагы ишмердүүлүгүн активдүү колдогон жарандарга каршы козголгон», — деди Абдрахманов. Ал канча адамга карата кылмыш иши ачылганын тактап айткан жок.
Эсептери камакка коюлган адамдардын көбү Аблязов тарабынан колдоого алынган оппозициялык «Көчө партиясынын» мүчөлөрү. Алар «Казакстандын демократиялык тандоосунун» программасынын көп бөлүгүн колдой тургандыктарын айтышууда.
2018-жылы Нур-Султан шаардык соту «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын «экстремисттик уюм» деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Казакстанда ондогон адам бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары түрмөгө камалды. Аблязов менен анын тарапташтары кыймылды экстремисттик деп тапкан сот чечими менен макул эмес экендиктерин билдиришүүдө.
Эл аралык уюмдардын эксперттери Казакстандын мыйзамдарында «экстремизм» кеңири түшүнүк экенин жана ал бийликтин саясий каршылаштарына каршы колдонулушу мүмкүндүгүн айтып келишет.