Немец элинин мамлекеттик жана саясий ишмери, Германия империясынын биринчи рейхканцлери Отто фон Бисмарк: “Келесоолор – өз жаңылыштыгынан, акылдуулар – өңгөлөрдүн жаңылыштыгынан таалим алат”, – деп айтканы бар. Аныгында өтө таамай айтылган. Бирок, накылга айланып кеткен бул кептин бир кеми калып калгандай. Дегеним, таптакыр сабак албагандарды эмне деп аташ керек? Кемчилик артынан кемчилик кетирип, бирок андан эч кандай сабак албастан жаралган кырдаалдардан алкынды самындай эле жылмышып чыгып кете берген эргулдарды эмне дейбиз?
Кыргыз саясатында мындай эргулдар “пачкелеп” саналат эмеспи. Бирок, ушу тапта “алкынды самындардын” жарышында баарынан алдыга озуп, жарыштан биринчи чыгып келе жаткан аргымактай жулкунган бирөө бар. Тааныйсыӊар, Жогорку Кеӊештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев деген берен. Жыйындарда карасаӊ “эл көзүнө” күрүлдөмүш эткени менен бир да кеби негизсиз жана ар качан тажрыйбалуу жана тыӊчыкма депутаттардан тил угуп эле атат. Ошондо да болбой кырдаалдан “кылт” этип, бутадан “булт” этип жылмышып кетет, чиркиндики. Каратып туруп убада берип, убакыт өткөн соӊ кашайып танып кеткенин жакындан тааныгандар айтып, жакасын карманышат.
Дагы бир “мыкты сапаты” катары “Күн тийген жердин күкүгү”-деген наам берсе куп жарашчудай. Эми бул кепти чечмелештин зарылчылыгы деле жок го. Мындай жарлык тагынган адамдын ким экендигин жамы журт жакшы билет эмеспи. Таӊ калганыбыз эле, бирде жеке ишкер болуп, бирде спорт жаатында талтаӊдап, анан эле спирт ичимдиктерин чыгарган заводду жетектеп, ал ортодо кайдан-жайдандыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде орун басарлыкты баса жыгылып, үч ирээт Жогорку Кеӊешке ат салышып атып, акыры депутат болуп жаны тынган Сыдыгалиевдин сыры эмнеде болдукен деген ой эле. Балким, “алкынды самын” атыкканындай кырдаалдардан кылтылдап чыгып кеткениндеби же позиция жана атуулдук милдет дегенди уруп ойнобой “Күн тийген жердин күкүгү” болуп каражанын бакканындабы? Бул собол ачык бойдон калды. Балким өзү жооп берээр?..