Жакында эле Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындай чечимди БШК кабыл алган. Айрым партиялар тарабынан шайлоо убагында мыйзам бузуулар катталгандыгы үчүн, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо өткөнү турат.
Айтайын дегенибиз, айрым капчыктуу олигархтардан турган партиялардын ыплас оюндары шайлоодо таза жеңишке жеткен партияларга кедергисин тийгизди. Алардын катарында шайлоого аттанган «Ынтымак» партиясы мыйзам бузууларга жол бербей, бир гана шаар тургундарынын колдоосуна таянып, шайлоочулар менен тыгыз иштешип жеңишке жетише алды. Аталган партиянын саяпкери Марлен Маматалалиев партиясын туура таптап, аламанда топ жара алды. Жогорку Кеңештин активдүү депутаты катары Марлен Маматалиевдин калк арасында аброю артып, электорат топтой алганын болуп өткөн шайлоолор тастыктады. Учурда «Ынтымак» партиясы Бишкек шаардык кеңешине боло турчу шайлоого даярданып, жигердүү командасы менен кызуу иш алып барууда. Ошондой эле «Ынтымак» партиясынын катары калыңдап баратканын эшиттик.
Айрым партиялар шайлоону шайтан оюнга айлантып жеңишке жеткендерин эске ала турган болсок, бул ирет шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилбээри айгинеленип калды. Демек, шайлоодо капчыкка эмес, кадырга таянган «Ынтымак» партиясы бул ирет алдыңкы орунду алып калышы ажеп эмес.
Булак:ЧЫНДЫК