Алдыдагы аламанда “Ынтымак” партиясы топ жарабы?

1030

Жогорку Кеңештин активдүү депутаты катары Марлен Маматалиевдин калк арасында аброю артып, электорат топтой алганын болуп өткөн шайлоолор тастыктады. Учурда “Ынтымак” партиясы кеч күздө боло турчу парламенттик шайлоого даярданып, жигердүү командасы менен кызуу иш алып барууда. Ошондой эле “Ынтымак” партиясынын катары калыңдап баратканын эшиттик. Артында калың электораты бар, калкка кадырлуу кандидаттар биригип, алдыдагы аламанды кызытканы турат.

Буга чейин айрым партиялар шайлоону шайтан оюнга айлантып, акчаларын самандай чачып жеңишке жеткендерин эске ала турган болсок, бул ирет шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилбээри айгинеленип калды. Демек, шайлоодо капчыкка эмес, кадырга таянган “Ынтымак” партиясы бул ирет алдыңкы орунду алып калышы ажеп эмес.

Булак:ЧЫНДЫК

+2