Аламүдүн районунда трактор уурдоого шектүү жарандар кармалды

37

Аламүдүн районунда трактор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы В.С. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, Аламүдүн районундагы айылдарынын биринен асфальт жаткырган тракторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 34 жаштагы К.М. жана 18 жаштагы Э.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

0