Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-июнда “Дордой Food” базарынын ишкерлери менен жолуккан. Анда Жапаров УКМКнын орун басарларынын бири кармалып, андан кийин кызмттан алынганынын айткан.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаров УКМКнын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев жөнүндө айтканын түшүндүргөн.
“УКМК алкоголдук ичимдиктерге байланышкан коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок Жаныбек Жоробаев суракка күбө катары да, күнөөкөр катары да чакырылган эмес” деген жооп алынган.
Кызык, Жапаров жалган айттыбы, же Жапаровго жалган айтыштыбы?
Чындык Медиа