Актан Балбаков Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды

28

Балбаков Актан Айдаралиевич Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Актан Балбаков 1982-жылы 22-январда Нарын облусундагы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Үй-бүлөлү, төрт баланын атасы.

Жогорку билимдүү. 2004-жылы финансы жана насыя адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

0