АКШ журналистти акыркы сапарга узатуу зыйнатында полициянын аракеттерине каршы АКШ Израилге нааразылык билдирди
Америка Кошмо Штаттары Аль-Жазиранын өлтүрүлгөн журналисти Ширин Абу Аклени акыркы сапарга узатуу учурунда израилдик полициянын аракеттерине байланыштуу Израилге нааразылык билдирди.
Ак үйдүн басма сөз катчысы интернетте пайда болгон израилдик полициянын журналистти акыркы сапарга узатуу зыйнатында ага келгендерди күч менен таратып жаткан кадрларга тынчсыздануусун билдирген. АКШ президенти Жо Байден өз кезегинде бул окуяга комментарий берүүдөн баш тартып, кабарчынын өлүмү иликтениши керектигин гана белгиледи.
0