АКШ: Украинага 40 миллиард долларлык жардам бөлүнөт

168

АКШ Сенаты Украинага 40 миллиард долларлык аскердик жана экономикалык жардам бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды.

“Мунун максаты – Кошмо Штаттар автократиянын басып алуу коркунучуна кабылган ар бир демократиялык өлкөнү колдой турганында”, – деди республикачыл сенатор Жим Риш.

Украин президенти Владимир Зеленский “Твиттер” аркылуу ыраазычылыгын билдирип, бул каражат Украинадагы, Европадагы жана дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн олуттуу салым экенин белгиледи.

Документке Ак үй кол койгондон кийин Орусия кол салгандан бери АКШнын Украинага бөлгөн жардамынын жалпы суммасы 50 миллиард доллардан ашат.

40 миллиарддын 24ү курал-жарак, аскердик жабдык сатып алууга, Украинанын армиясын каржылоого, калганы экономиканы колдоого, Зеленский башында турган жетекчиликтин ишин улантууга көмөктөшүүгө, Украинанын айыл чарба товарларынан көз каранды өлкөлөрдө азык-түлүк жардам программаларын ишке ашырууга, качкындарды колдоого бөлүнөт. Орус армиясынын Украинадагы аскер кылмыштарын иликтөө боюнча чыгымдарга да каражат каралууда.

Reuters басылмасы жазгандай, муну менен катар Ак үй Украинага кошумча аскердик техника берүү багытында да иш жүргүзүүдө.

0